Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусуАлай району 15.10.2019 22:22

Алайдагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн 12 млн сомго курулган жаңы имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 15-октябрда Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттүн эсепчиси Таалайбек Абдраев маалымдады.

«Айыл өкмөттүн имараты жергиликтүү бюджеттен 12 млн сомго курулду», - деди Абдраев.

Имараттын ачылыш аземине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, райондун акими Замир Молдокулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Буга катар эле Алай айыл өкмөтүндөгү Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекстин курулушуна капсула салынды. Спорт комплекс 2020-жылы пайдаланууга берилет. Сметалык баасы 22 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×