Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.10.2019 16:00 На русском

Ошто «Женго» кармалган учурдагы видео жана айдоочусунан табылган тапанча

Turmush -  Жол тескөөчүгө баш бербей жатып кармалган К.Д. аттуу жарандын айдоочусунун жанынан тапанча табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Аталган түзүмдөн маалымдашкандай, айдоочунун жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча алынып, ал боюнча да текшерүү жүрүп жатат.

К.Д. жана анын айдоочусу Ош облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бүгүн, 15-октябрда «Женго» деген каймана ат менен таанымал К.Д.нын айдоочусу номуру жок унаа айдап, ЖКККБнын кызматкерлерине баш бербей качканы үчүн кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×