Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуКемин району 15.10.2019 15:12

Погончонду байлап качкан 8 шектүүнүн бири милиционерлердин курчоосунда «беймарал» уктап...

Turmush -  Кемин районунун тургуну Тынчтыкбек Жусубеков 29 жыл милиция кызматында эмгектенди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тынчтыкбек Жусубеков 1953-жылдын 18-июлунда Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. 1960-жылы мектепке барып, аны 1970-жылы аяктаган. Эки уул, эки кызы бар.

«Байбичем экөөбүз уул-кыздарды тарбиялап, татыктуу билим алышына шарт түзүп бердик. Учурда 8 неберем, 2 келиним, 2 күйөө балам бар. Мурда юрист болуп иштеп жүргөн улуу балам Айбек 2000-жылы милиция кызматына кирип, Кемин районунда иштеп жүрдү. Азыр ал дагы ардактуу эс алууга чыккан. Андан кийин Элнура деген келиним Юридикалык академияны аяктап, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда эмгектенип жатат», - деди ал.

Ардактуу ардагер эмгек жолун 1980-жылы аймактык тескөөчүлүк кызматтан баштаган.

«Бул кесипти тандап алышымдын бирден-бир себеби — бала кезден милиция кызматкери болууну кыялданчумун. Бул кыялым аскерде жүргөндө ого бетер күчөдү десем болот. Анткени 1971-1973-жылдары Волгоград шаарында аскерде болгом. Анда ички аскердик кызматта кызмат өтөдүм. Ошол убакта ички аскердик кызматта кызмат кылгандар түрмөгө кесилгендерди кайтарчу. Ошондой жерлерде кызмат өтөп жүрүп, жөнөкөй элге болгон акыйкатсыздыкты, теӊсиздикти көп көрдүм. Ошондо милиция кызматкери болом деп максат койдум. Ошентип тилеген тилегиме жетип, 1978-жылы Фрунзе шаарындагы милиция мектебине кирип, аны 1980-жылы аяктадым. Ошол эле жылы лейтенант наамын жана Ысык-Көл облусуна жолдомо алып, Түп районундагы Кутургу деген айылда эмгек жолумду аймактык тескөөчүдөн баштадым. Ал жакта үч жыл иштедим. Андан кийин 1983-жылы Кемин районуна которулуп келип, 2000-жылга чейин эмгектендим. Ортодон 1991-жылы союз тараганда бажы кызматы ачылган. Ал жерде 1-2 жыл иштеп калдым. Ал убакта бажы кызматы Чүй облусунун ички иштер кызматына карачу. Токмок шаарындагы бажы кызматында 2 жыл иштеп, кайра Кемин районунда эмгек жолумду уланттым.

Милицияда 29 жыл үзүрлүү эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга чыктым. Ошол убакта ички иштер министрлигинен сыйлыктарды алдым. Эӊ алгач эле 3-даражадагы жана 2-даражадагы «Кынтыксыз аткарган кызмат үчүн» төш белгисин алсам, кыргыз милициясынын 80-85-90-жылдык мааракелик медалдары, «Кадырман», «Ардак», «Милициянын отличниги», «Милициянын ардагери» төш белгилери жана башкалар менен сыйландым», - деди ал.

Тынчтыкбек Жусубеков эмгек жолундагы эсте калган окуяларын айтып берди.

«1986-1987-жылдары болсо керек. Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан 7-8 шектүү качып кетишкен. Кайтарып турган милиция кызматкерин байлап коюшкан экен. Алардын баары оор кылмышка шектелип жатышкан. Баарын кайра бирден кармап, акыркысын көпкө издедик. Бир күнү оперативдүү маалымат келип түштү. Жанагы биз издеп жүргөн шектүү Сокулук районундагы бир талаада вагондо жашап жатат деп айтылды. Биз бир топ кызматкер болуп айтылган дарекке бардык. Вагонду курчап, билгизбей кайтарып отуруп, бир суткадай ошол жерде жаттык. Анан таптакыр дымы чыкпай калган убакта вагонго кирдик. Кирсек төшөктө жаткан экен. Аны кармайлы дегенде ойгонуп кетти. Жаздыгынын алдындагы бычагын алып, бизди көздөй шилтеди. Бирок биз аны басып жыгылдык. Ошондо да болгон күчү менен бир топко алышты. Менин оюмча, ал шектүү өз өмүрүн тобокелге салып, бар күчүм менен кармашып, кармалганча өлүп бергеним артык деген окшойт. Ошол окуя эсимден кетпейт», - деди ал.

Милициянын ардактуу ардагери жаш милиция кызматкерлери тууралуу пикирин билдирди.

«2008-жылдан баштап Кемин райондук ички иштер бөлүмүндөгү ардагерлер кеӊешинин төрагасы болгом. Жергиликтүү РИИБ менен тыгыз байланышта болуп, дайыма чогулуштарына катышып турабыз. Ошол убакта биз да тажрыйбабыздан бөлүшүп, кеп-кеӊештерибизди көп айтабыз. Азыркы милицияга өз кесибин сүйгөн, ички дүйнөсү таза, эл үчүн иштеген адамдар керек деп ойлойм. Эгер өз жанын ойлоп келгендер болсо, милициянын чыныгы милдеттерин аткара албайт. Алар ашып кетсе 5-6 жыл иштейт. Түбөлүктүү иштебейт. Антсе да, азыр мыкты милиция кызматкерлери абдан көп. Заманга жараша алардын тажрыйбасы, милдеттери да курчуп, эӊ мыкты деңгээлге жетип келе жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×