Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.10.2019 13:38 На русском

Ошто Кадырбек Досонов бара жаткан унаа кармалды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында «Ураган» операциясынын жүрүшүндө «Женго» деген каймана аты менен таанымал болгон Кадырбек Досонов бара жаткан унаа токтотулду.

Ош ОИИБ тастыктагандай, «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлерине баш бербей, качууга аракет кылган. Унааны кууп жетип токтотушкан. Анын ичинде Кадырбек Досонов бара жатканы белгилүү болгон.

Окурмандар саат 11:30 чамасында Кадыр Досонов башка унаага, айдоочусу башка унаага отуруп кетип бара жатканы тартылган видеону көрсөтүштү.

К.Досонов бара жаткан унаанын айдоочусу — Куршаб айылынын 1995-жылы туулган тургуну Р.А.га административдик 3 протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулду. Ал жол тескөөчүлөргө баш бербей койгону үчүн 5500 сом, номуру жок унааны айдаганы үчүн 1000 сом, «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатканда сактык курун тагынбаганы үчүн 1000 сом айып пул салынды.

К.Досонов 1971-жылы туулган, 5 баланын атасы. Ал буга чейин полковник Толкун Шоноевдин өлүмүнө шектелип, кийин акталган.

Дженго 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×