Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 15.10.2019 12:55 На русском

28 кыздын эрмеги болгон 2 жигит жана жаш мугалим Э.Жапарованын анты

Turmush -  Алгачкы кесиптик кадамдарын факел кармап, ант берүүдөн баштаган Эльвира Жапарова Чүй облусундагы Токмок шаарынын 25 жаштагы тургуну. Анын балалык, студенттик күндөрү жана жаңыдан ташталган кесиптик кадамдары менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде филологиялык билим берүү багытында окуп, кыргыз тили жана адабияты боюнча адистикке ээ болгон. Токмок шаарындагы №12 орто мектебинде өз адистиги боюнча эмгек жолун баштады. Жакында Чүй-Токмок райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган жаш мугалимдерди кабыл алуу күнүндө факел кармап, ант бергенин айтат. Бул күн өмүрүндө өзгөчө учур болгонун да белгиледи.

«Өмүрүмдө алгачкы жолу ант бердим. Толкундандым, сыймыктандым. Бул салтанат Ч.Айтматов атындагы №9 орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Ага Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, алдыңкы мугалимдер жана 76 жаш адиср катышты. Бизге билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун райондук комитетинин төрагасы Самат Наматов, усулдук бөлүмдүн башчысы Халима Мадалинова жана жетектөөчү адис Раиса Касалапова куттуктоо сөздөрүн айтышып, ак жол каалашты. Ал эми жаш адистерге насаатчылык иштерин ийгиликтүү аркалаган мугалимдердин устаттары: №9 мектептен Өмүкеева М.О., №7 мектептен Медербекова В.С., Курманова Ж.Т., Ленин-Жол орто мектебинен Оңолбаева К.А., С.Ибраимов атындагы №2 орто мектептен Урмамбетова Р.С. жана №1 орто мектептен Филиппова А.Г. жана башкалар да ийгилик каалашты. Аларга ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле устаттар насаат сөздөрүн айтышты. Биз жарыктын символу болгон факелди кармап, ант бердик. Анда мугалим болуу сыймык экенин, билим, тарбия берүүдө талбай чыгармачылык менен иштөө керектигин, балдар дүйнөсүн сүйүү башкы милдет экенин, улуу муундардан акыл-насаат алуу пайдалуу боло турганын ачыктаган, даңктаган сөздөр жаңырды.

Биздин антыбыз "Жылдыз" элдик ансамблинин жагымдуу чыгармалары менен коштолду. "Мен чыныгы мугалиммин" деген ант менен кесиптик кадамыбызды таштадык», - деди жаш адис Элвира.

Балдарга сабак өтүп жатканда өзүнүн окуучулук күндөрү эске түшөт. Балалык, окуучулук, студенттик мезгилин эстейт.

«Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөм. Эки бир тууганбыз. Сиңдим Гүлмира дарыгер. Айылдагы Өмүраалы Исаев атындагы орто мектептен билим алдым. Эмнегедир окуучулук күндөрдө келечекте журналист болууну эңсей берчү элем. Бирок ойлогон ой турмушта мугалим болууга багыттады. Ооба, мугалим болгонума сыймыктанам. Чындыгында окуучулук, студенттик күндөрүм китеп менен "кармашып" жүрүп өттү. Азыр да бош боло калганда түрдүү адабий китептер колумда. Ыр жазам. Кыялымда аңгеме токуйм. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, залкар акын Алыкул Осмоновдун, Байдылда Сарногоевдин, Турар Кожомбердиевдин, Жолон Мамытовдун жана башкалардын чыгармалары менин жашоомдун акыл азыгын түзөт. Эми ошолорду окуучуларыма кантип окутууну ойлоп келем. Аларды жалпы сөз менен жазуучу, акын болгон деп баяндасам болот. Бирок ааламдашуу, жаңы көз караштардын чабуулу, окутуунун жаңы технологиялары күн санап өсүп турганда сабакты бөтөнчө өткүм келет. Баланын жан дүйнөсүн ойготуум зарыл. Ансыз ачкычы жок үйдүн босогосунда турган адамга окшойм. Студент кезимден бери эле ушундай ойдо жашап келем. Ал күндөр башкача тура. Кайра кайтып келбес өмүр издери экен.

Биз окуган тайпада 28 кыздын арасында 2 гана мырза бар эле. Ошол экөө биздин эрмегибиз болчу. Аларга туш тараптан сөз ыргытып, 28 кыз 28 баатырдай качырып кирип келчүбүз. Бирок 2 мырза туруштук берчү. Бири ар бирибизге арнап куйкум сөздөн куралган ыр арнады. Экинчиси таттууларын, суусундуктарын көтөрүп келип, көңүлүбүздү алчу. Студенттик күндөрдө биз бир туугандай эле болуп калдык. Азыр аларды сагынам. Сүйлөшүп, кээде жолугушуп турабыз. Ушундай бактылуу күндөрүм көп.

Турмушка да чыктым. Эки баланын энесимин. Бактылуу күндөрүмдүн туу чокусунда уулум менен кызымдын жарык дүйнөгө келгени турат. Ал күндөрдү эч нерсе менен алмаштыра албайм. Жолдошум Эрлан экөөбүз эки балабызды көтөрүп алып көчөдө кетип баратканда өзүмчө сыймыктана берем», - деди Эльвира Жапарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×