Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.10.2019 15:27 На русском

Ак-Талаада Калый Молдобасанов атындагы музей ачылды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында манасчы Молдобасан Мусулманкулов жана анын небереси, белгилүү композитор Калый Молдобасановго арналып тарых музейи уюштурулганын аймактык кабарчы билдирди.

12-октябрда СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси белгиленип, өзү туулган кичи мекени Терек айылында Калый Молдобасанов атындагы тарых музейи ачылды. Анын ачылыш аземине маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, композитордун жубайы Үпөл Молдобасанова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, композиторлор, музыка изилдөөчүлөр, композитордун замандаштары, туугандары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Буга чейин мурунку бала бакчанын имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, музейге ылайыкташтырылган. Тиешелүү материалдарды алууга К.Молдобасанов атындагы коомдук фонддон 130 миң сом, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан 98 миң сом жана Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 58 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Ал эми оңдоо иштерин Калый Молдобасанов атындагы орто мектептин, «Тереке-Береке» бала бакчасынын жана айыл өкмөттүн кенже кызматкерлери акысыз жүргүзүштү.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө келген өкүлдөр тарабынан музейге баалуу белектер, ал эми жубайы Ү.Молдобасанова тарабынан композитордун колдонгон айрым буюмдары тапшырылды. Ошондой эле курулуш иштерин акысыз жасаган жумушчуларга райадминистрациянын жана айыл өкмөттүн ардак грамоталары ыйгарылды.

Музейдин ичине Молдобасан Мусулманкулов жана Калый Молдобасановдун колдонгон буюмдары, кийип жүргөн кийимдери, сүрөттөрү, алар туурасында жазылган китептер жана башка тарыхый буюмдар коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×