Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 14.10.2019 14:49

Кортеж эмес ат, ресторан эмес чатыр… Турсунаалы ата Сайрабүбү апага баш кошкон күнүн унутпайт

Турсунаалы Токтогулов менен Сайрабүбү Ситдикова
Турсунаалы Токтогулов менен Сайрабүбү Ситдикова

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ийри-Суу айылынын жашоочусу Турсунаалы Токтогулов 70 жашка келип калса да жаштардай ат минет. Жайлоого чыгып мал багат. Байбичеси Сайрабүбү Ситдикова менен бирге турмуш курганына быйыл 50 жылдын жүзү болуп, жакында эле алтын тоюн өткөрүштү.

Турсунаалы ата 1950-жылы Жданов атындагы колхоздун малчысынын үйүндө туулган. Атасы Токтогул Молдобаев, апасы Жаңы Секебаев чабандардын алды болгон. Турсунаалы Токтогулов атасы менен бирге мал багып жүрүп, 1970-жылы байбичеси Сайрабүбү менен баш кошот. Ошол эле жылы 2 жылга аскерге кетип, байбичесин ата-энесинин жанына таштап кетет. 1972-жылы аскерден келип, байбичеси Сайрабүбү менен Орук-Там деген алыскы кыштоого барып, мал багып калат. 1987-жылга чейин ак койдун арты менен жүрүп, совет бийлиги ыдырагандан кийин мал чарбаны өз алдынча өнүктүрүп баштаган.

«Элдин алды болбосок да, элдин катарында жүрдүк. Мал багып, жакшы сыйлыкка татыдык. Бересе болуп, жаман иш кылган жокпуз. Кудайга шүгүр, 6 уул жана 2 кыз багып өстүрдүк. Ондон ашык неберем бар. Баары өз алдынча үй-бүлө күтүп, турмуш курушкан. Балдар, кыздар, неберелерим быйыл 50 жылдык алтын тоюбузду өткөрүштү. Көз ачып-жумгуча эле үй-бүлө күткөнүбүзгө жарым кылым болуптур», - деди Турсунаалы ата.

Сайрабүбү Ситдикова татар улутунан. Ал Ак-Булуң айылынан болот.

«Ат менен көчүп-кончу элек. Чатырда, боз үйдө кыштап жүрдүк. Балдарыбызды атка учкаштырып көчтүк. Азыр ошол кезди сагынабыз. Ал мезгил өзүнчө эле жыргал экен. Ошол учурдагы кыйынчылыктарыбызды унутуп деле калдык. Жаштыгыбыз менен оорчулукту деле билбептирбиз. Бүгүнкү күндө уул-кыздарыбыздын урмат-сыйын көрүп, бактылуу карылыкты өткөрүп жаткан мезгилибиз. Балдарыбызга жакшы тарбия бериптирбиз деп калабыз», - дейт ал.

Турсунаалы ата байбичесине баш кошуу үчүн аны ат менен үйүнө алып кеткен. Жамгырда суу болуп, баткакка тыгылып, үйүнө араң жетишкен.

«Турмушта ар кандай күлкүлүү окуялар болот. Байбичемди үйгө ат менен алып кеткем. Жамгырда баткакка тыгылып, ортодон жыгылып ылай болуп, араң алып баргам. Ошондо 30 чакырым жерди басып, айылдан жайлоого барганбыз. Тоюбуз чатырда өткөн. Азыр бардык шарт бар.

Биз Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнөн экенбиз. Түпкү атабыз Бактыгул. Ал атабыз ушул жерде жашап калган экен. Ийри-Суу айылынын жанынан суу өтөт. Ал суу ушул өрөөндөн түшөт. Ал суу ийри-буйру болуп өтөт экен. Ошондон улам бул айыл Ийри-Суу деп аталып калыптыр. Азыр айылда 500дөй түтүн жашайбыз. Бизде жол маселеси курч. Мындан тышкары бала-бакыра ырдап-чордой турган жайыбыз жок. Бизге жогору жактан маданият үйүн куруп беришсе жакшы болмок», - деди Турсунаалы аксакал.

Ал эми Сайрабүбү апа жаш кезинде мал айдап келе жатып айына жетпей төрөгөнүн эскерди.

«17-18 жашымда өз көйнөгүмдү өзүм тигип алчу элем. 19 жашымда турмушка чыктым. Ошондон баштап эле шырдак жасаганды үйрөндүм. Андан соң көлдөлөң жасап жүрдүм. Боз үй көтөрдүм. Бул кол өнөрчүлүк энемден калса керек. Азыркы келиндер эч нерсе жасашпайт. Жаш кезде бала эмизип жаткан учурда да жүн тытып, конокко барганда баштыкка жүн салып алчубуз. Алдыга тамак келгиче жип ийрип отурчубуз. Быйыл эле жайлоого чыкпай калдык. Алыскы жайлоого чыкчу элек. Союздун сарайларын өз колубуз менен жасап алчубуз.

Орук-Тамда мал багып жүргөндө мал айдашам деп ат мингем. Орто жолдон толготуп, баламды айына жетпей төрөп койдум. Анын аты Эсенбек. Сиңдимдикинде отуруп, баланы жуунтсак эле башы былкылдайт. Сиңдимден сурасам ал деле билбейм дейт. Көрсө айына жетпей төрөлгөн баланын башы ушундай болот экен. Көп өтпөй эле баланы алып, кайра жайлоого кеттим. Ошондо деле кабагым-кашым дебей ишибизди аткарчубуз. Чатыр, боз үйдөн суук деле тийчү эмес экен. Отун-суубуз жок, малдын кыгын кургатып жакчу элек.

Азыр баары жеңил, кыймыл жок, иштеген жан жок. Баары оорукчан. Мен белим деп отурсам, келиндин деле бели ооруйт. Анан да бала багуу боюнча алдыга киши салган жокмун. Айылда мени Умай эне деп коюшат», - деди С.Ситдикова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×