Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.10.2019 13:06 На русском

Кримчөйрөдө «Казак» каймана аты менен таанымал адам эми кыз зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Ош шаарында кримчөйрөдө «Казак» каймана аты менен белгилүү М.У. эми өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.

Криминалдык милиция кызматы буга чейин бир нече жолу соттолгон Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну М.У.ну (мурдагы аты К.Э.) колго түшүргөн. Анын баш коргоо чарасы 12-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралып, абакта калтырылды. Ал сотко чейинки өндүрүш иш тергелип бүтмөйүнчө абакта болот.

«М.У. буга чейин 1996-жылы туулган жарандын денесине залал келтиргени боюнча кармалган эле. Бул окуяны иликтөө учурунда Ош шаарынын тургунунан М.У.нун үстүнө дагы бир арыз келип түштү. Арыздануучунун айтымында, анын 2003-жылы туулган кызын У.М. ур-токмокко алып, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктаган. Бул факт боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы аталган жарандан жабыр тарткандар болсо 03222 2 46 78 номуру аркылуу кайрылууну суранат.

М.У. ИИМ тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мучөсү катары каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×