Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.10.2019 12:38 На русском

Ак-Талаага аким болгон С.Кулубаев кызматка киришти. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы болгон Сейтек Кулубаев жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 14-октябрда өткөн иш-чарага облус башчысы Эмилбек Алымкулов, акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, мекеме-ишкана жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Алар жаңы аким С.Кулубаевдин ишине ийгилик каалап, кызмат орду менен куттукташып, айрымдар ак калпак кийгизишти.

Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович 11-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×