Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2019 16:43

Айыл турмушу: Ак-суулук А.Жумадылова өнөрү аркылуу күнүнө 6 миң сом табат

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол айылынын 51 жаштагы тургуну Алмагүл Жумадылова ашпозчулук кесипти аркалайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы кафелердин биринде ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенип жүрүп, бул кесиптин сырларын үйрөнгөн. Ал учурда буйрутма менен тойлордо кызмат кылат.

«Мен үч баламды жалгыз чоңойттум. Ашпозчулук кесипти атайын окубасам дагы өз алдымча үйрөнүп, учурда бул өнөрүм менен тойлордо кызмат кылуудамын. Айыл жеринде жашасам дагы атымды уккандар райондун, облустун аймактарынан чакырышат. Кээде Бишкектен дагы буйрутма түшөт. Бир күндүк кызматым үчүн 6000 сом алам, ал акыга салаттардын түрлөрүн, ысык тамактарды жасап берем.

10 жыл мурун кафелердин биринде чогуу иштешип калган дунган улутундагы ашпозчу мага бычагын ырым кылып белекке берген. Дайыма ошол бычак менен иштейм. Ай сайын үй-бүлөмө жетиштүү каражат таап, элдин ыраазычылыгына татыганыма кубанам», - дейт А.Жумадылова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×