Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2019 17:30

Ошто Кыздардын эл аралык күнү белгиленди

Turmush -  Ош шаарында Кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 11-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта Кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Иш-чара №3 М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясы жана Ош шаардык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган. Анын максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздик маселесине көңүл буруу. Ошондой эле кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун камсыздоо, басынтуу, күч колдонуу, ыктыярсыз турмушка узатууну алдын алуу маселелери көтөрүлдү.

«Максатыбыз — кыздарыбызды өзүнүн укугун билүүгө үгүттөө. Иш-чарага катышкан кыздарга Аялдар кеңешинин ишенимдүү байланыш номурлары берилди», - деди мектеп-гимназиянын директору Гүлмира Усекова.

Кыздардын эл аралык күнү Бириккен улуттар уюму кабыл алган чечимге ылайык 2012-жылдан бери 11-октябрда белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×