Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2019 13:08 На русском

Ошто ундун баасы кымбаттады. Себеби эмнеде? Видео

Turmush -  Ош шаарында ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга соодагерлер билдиришти.

Шаар тургундары дагы ундун кымбаттаганына нааразы. Алар буга чейин малдын баасы арзан болгонуна карабай уйдун эти кымбаттаганын, эми кезек унга келгенин айтышууда. Көп жылдардан бери ун саткан Нурлан Желдеңбаев Казакстандан Кыргызстанга алынып келген ундар кымбат болуп жатканын билдирди.

«Базарда ундун кымбаттап кетишинин биринчи себеби — Казакстан Кытай менен келишим түзүп, ун Кытайга экспорттолуп жатат деген божомол бар. Экинчи себеби — быйыл Казакстандын айдоо талааларына кар эрте жаап, буудайлар кургабай, аны эми кургатып жатышат. Казакстан жакын арада ундарын сатыкка чыгаруу үчүн даярданып жатат. Буудайды кургатпаса, мүшөктөгү ун көгөрүп, жараксыз болуп калат. Ундун баасы 1,5 айдан бери өсүп жатат. Алгач 20, 50, 100 сом кошулуп, азыр 250-300 сом кошулуп сатылып жатат. Мурун 1250 сомдон сатылган ундун баасы 1500 сомго чейин жогорулап кетти. Жогорку сорттогу ундар 1900-2000 сомго чейин сатылууда. Кыргызстан өзүн-өзү ун менен камсыздай алат. СССР учурунда Чүй облусунун тегиз талааларына буудай эгилчү. Азыр эч ким буудай экпей жатат. Ошол себептен Кыргызстандын базарларында да 80 пайыз Казакстандын ундары сатылат», - деди соодагер Нурлан.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Жанболот Айбашов бааны жөнгө салуу үчүн мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди.

«Бизде базарда ундун баасы кымбаттап кеткендиги боюнча маалымат бар. Казакстандын биринчи сорттогу ундарынын бир кабы 1400 сомдон, ал эми 1 килограммы 28 сомдон сатылып жатат. "Меркурий", "Пионер" сорту 27 сомдон (1 кг), "Ак ниет" 20 сомдон сатылып жатат. Орточо баасы 27 сомдон болууда. Мындан 1 жума мурун базарда 1 кг ун 23 сом 50 тыйындан сатылчу. Бүгүнкү күндө Казакстандан алынып келген ундун баасы 12 пайызга жогорулады. Ал эми Кыргызстандан өндүрүлгөн ундар 25, 23 сомдон сатылууда (1 кг). Алар 1 жума мурун 22 сом 60 тыйындан сатылчу. Базарда ундун баасынын кымбатташынын себеби — өндүрүүчүлөрдүн айтымында, Казакстандан алынып келген буудайдын тартыштыгынан болуп жатат. Азыр түшүм жыйноо учуру. Мындай нерсе жыл сайын кайталанат, бир айга жетпеген убакытта кайра мурунку баага арзандайт. Бул боюнча өкмөттүн токтому бар. Эгерде ундун баасы бир ай бою 20 пайыздан жогору сатылса, биз жергиликтүү органдар менен бирге Экономика министрлигине кайрылабыз. Алар өкмөткө кайрылып, маселени чечүү жолдорун карашат», - деди Жанболот Айбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×