Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуТалас району 14.10.2019 09:57

Мекендештер: 22 жаштагы Татына Венада туристтерди таң калтырган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 22 жаштагы тургуну Татына Ашыркулова Германиянын Борна шаарында иштеп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Анын айтымында, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

«Негизинен ар бир адамдын кыялы, алдыга койгон максаты бар эмеспи. Менин да эң таттуу кыялдарымдын бири дүйнө жүзүн кыдыруу болчу. 1-курсту аяктаганда Түркиянын Памуккале шаарындагы университетинде 1 семестр билим алып келдим. Анталия шаарында мейманканадагы ресторанда 3 ай иштедим. Студенттер үчүн негизделген компания аркылуу 2 жолу катары менен Германияга барып, 3 ай иштеп келдим. Ошол убакыт аралыгында Европанын бир нече өлкөлөрүн кыдырып, саякат кылганга да жетиштим. Нидерландия, Франция, Италия, Австрия, Чехия, эң кичинекей мамлекет катары таанылган Ватиканда, Германиянын бир нече шаарларында болдум. Мекенибизге кайтып жатканда Түркиянын Стамбул шаарын жана Россиянын борбору Москваны кыдырдым.

«Миң уккандан бир көргөн артык» деп бекеринен айтышпаса керек. Барган өлкөлөр жөнүндө канча көп угуп, кинолордон көрүп жүрсөм да ал жерлердин өзүнө барганда такыр башкача сезимдер болот экен. Ар бир жердин кооздугу ар башка, атмосфера ар түрдүү, маданияты, жашоо стилдеринин өзгөчөлүгү дароо эле байкалат. Эң эле эсимде калганы Венеция шаарына барганыбыз болду. Ал шаар суунун үстүндө курулгандыктан башка шаарлардан айырмаланып, адамга унутулгус эс алуу тартуулайт. Тез жардам унаалары, маршруттук таксилери баары суу үстүндө жүргөндүктөн туристтерди таң калтырбай койбойт. Австриянын Вена шаарына барганда комузду көтөрүп жүргөм. Туристтердин баары кызыгып сурашты. Анан ошол жерде комуз менен түрдүү күүлөрдү чертип берсем баары акча таштай башташты. Биз жакта комузду көп баалабасак, чет өлкөдө анын үнү таң калтырат экен.

Бош убактымда комуз чертүү менен алектенем. Үйдө атам, эң улуу эжем, синдим анан мен комузда кол ойнотобуз. Эң алгач комузду 2-классымда колго алгам. Мектептеги комуз ийримине катышып, ийримде агайымдан, үйдө атамдан үйрөнүп, комуз чертип ырдаганды өздөштүрдүм. Кайгырсам же чарчасам колума дароо комузумду алып ырдап кирем. 2018-2019-окуу жылында Түркия мамлекетинин Сакарья шаарындагы университеттин гезитине да сүрөтүм чыгыптыр. Ал аталган университетте өткөрүлгөн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада комуз менен кошок айтып жаткандагы сүрөтүм экен», - деди ал.

Татына буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Үй-бүлөдө 4 кыздын үчүнчүсүмүн. Эң улуу эжекем 3 баланын сүйүктүү энеси. Андан кийинки эжем 7 жылдан бери Германияда жашайт. Учурда IT тармагында университетти ийгиликтүү аяктап, өзүнүн кесиби менен иштеп жатат. Сиңдим дагы IT багыты боюнча политехникалык университетинде 3-курста билим алып жатат. Апам мектепте математика сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Атабыз болсо механик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×