Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 10.10.2019 11:55 На русском

Элет көйгөйү: 50 тонналык унаа өткөндө үйлөрү титиреген жерге-талдыктардын арманы

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Жылдыз, Жалгыз-Терек жана Жерге-Тал айылдарынын жашоочулары айылдарды аралап өткөн оор жүк ташуучу унааларга чек коюлуусун талап кылышууда. Алар бул талаптар аткарылбаса жол тосууга барышарын эскертишти.

Алардын айтымында, оор жүк ташыган унаалар түнкүсүн көп катташат. Катуу ылдамдыкта жүргөн унаалардын айынан айылдын ички жолу талкаланып, үйлөрдөн жарака кеткен. Ал эми Жерге-Талдын кире беришиндеги эки көпүрө мышык ыйлачу абалга кептелген.

«Оор жүк тарткан унаалардан тажадык. Түн ичинде өткөндө кадимкидей жер солкулдайт. Үйлөрүбүздөн жаракалар кетти. Облус башчысын деле көрө элекпиз, район акими деле келбейт. Айыл өкмөткө эле чоңбуз. Оор жүк ташыган унаалар мал-жандыктарды коюп кетишет. Ушул жерден Тогуз-Торо, Казарманга жүк ташып өтүшөт. Нарын—Бишкек— Торугарт унаа жолу бар, ал жер менен катташпай, ушул айылдан элдин тынчын алып өтүшүүдө. Биз эми жол тосууга барабыз», - деди пенсионер Салия Калыкова.

Ал эми жаштардын өкүлү Адилет Муктарбеков бул жолдон 50-60 тонна салмакта унаалар өтүп, ички жол аларга туруштук бере албай талкаланып жатканын билдирди.

«Мен жолдун жээгинде жашайм, үйлөр кадимкидей титирейт. Үйлөрдөн жаракалар кетип жатат. Бул жолдон 50-60 тонна оор салмактагы унаалар каттайт. Бул жактан өткөнгө болбойт. Эки көпүрө авариялык абалда турат. Айтып эле келебиз, уккан бир жан жок», - деди ал.

Айылдык кеңештин төрагасы Алмазбек Өмүров Казарманда «Макмал» алтын кенинин, Түндүк-Түштүк жолун салуу иши башталган бери көйгөй болуп жатканын айтты.

«Биз өткөн жылы өкмөттүн мурунку өкүлү А.Кайыповго бул маселени айтканбыз. «Ушул жактан оор жүк тарткан унааларды өткөрбөй койсоңор болот эле. Эки көпүрө авариялык абалда. Аларды оңдоп-түзөп бергиле» деп кайрылганбыз. Жол тейлөө мекемеси оор жүк тарткан унааларга чек коюп, мынча салмактагы унаалар өтөт десе болмок. Бул асфальт оор жүк ташыган унааларга арналып курулган эмес да. Айылдын төмөн жагындагы асфальттар чөгүп кетти», - деди ал.

Бул жолду тейлеген райондук №8 жол тейлөө мекемесинин башчысы Акылбек Мусабаев көпүрөнүн абалы жакшы экенин, ал 80 тоннага чейинки салмакты көтөрө аларын, ал эми оор жүк ташыган унааларга чек коюу анын милдети эместигин белгилеп өттү.

«Ал сырткы жол. Мен оор жүк ташыган унааларды токтотуп же каттабагыла деп айта албайм. Ал эми эки көпүрөнүн абалы жакшы, бетондон курулган, 80 тоннага чейин салмакты көтөрөт. Быйыл 33 чакырым жолго долбоор жазылган. Ал жолдор асфальтталып оңдоодон өтөт», - деди А.Мусабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×