Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 10.10.2019 10:41 На русском

Ошто унаа сүзүп өлтүргөн жигиттин өздүгү аныкталды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында унаа сүзүп кеткен жигиттин өздүгү аныкталып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Turmush басылмасы кечээ, 9-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы И.Раззаков көчөсүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа 25-30 жаштагы эркек кишини сүзүп кеткенин жазган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Ош шаардык өлүкканасынын маалыматына караганда, маркум Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Ж. уулу Ө. экендиги аныкталды.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×