Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.10.2019 10:31

Түптө 17 мектептин дааратканасы авариялык абалда (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун айыл аймактарында 17 мектептин дааратканалары авариялык абалда. Бул тууралуу облустук билим берүү институтунун лаборатория бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, Ой-Булак, Сан-Таш, Каркыра айылындагы мектептердин дааратканалары кооптуу абалда.

«Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 191 орто билим берүүчү мектеп бар болсо, анын ичинен 31 мектеп авариялык абалда деп табылды. Басымдуу бөлүгү Түп районунда орун алган. Райондо 35 мектеп бар болсо, анын ичинен 17 мектептин дааратканасы авариялык абалда. Учурда окуучулар арасында ар кандай кырсыктардын алдын алуу үчүн шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, мектептин администрациясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди Г.Жумабаева.

Сан-Таш айылындагы мектептин дааратканасы окуучулардын өмүрүнө өтө коркунуч жаратарын окуу жайдын директору Чынара Күздөбаева белгиледи.

«Мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алат. Мындан 4 жыл мурун комиссия тарабынан даараткана окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратат деп табылган. Учурда каражат маселесинен улам жаӊы даараткана салууга мүмкүнчүлүк жок», - деди Ч.Күздөбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×