Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Талас облусу, Талас 10.10.2019 10:31

Жаш талант: 11 жаштагы Б.Садырбеков музыкалык бир нече аспаптарда ойноп, өнөрүн такшалтып жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 11 жаштагы тургуну Бакдөөлөт Садырбеков бир нече музыкалык аспаптарда ойноп, сыйлыктарга татып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 5-класста окуп жатат.

«Бала бакчадан эле бий ийримине катышып жүрчүмүн. 2-классымда таенем музыкага болгон шыгымды көрүп, апама айтпай эле музыкалык мектептин комуз ийримине киргизген. 2 жылдан бери чопо чоор, ооз комуз боюнча дагы музыкалык билим алып келе жатам. Бул аспаптардан жагымдуу үндөр чыгып, көптөгөн обондорду жаратууга болот. Кичинемден ырдап-бийлейм. Анын баарын азыркы кезде аспаптардын үнү менен кооздойм (күлүп).

Мага эски буюмдар жагат. Балдар чопо чоор, ооз комузга кызыга беришпейт. Келечекте исскуствонун музыка, ыр чөйрөсүндө жүрөм деп максат коюп келем. Сахнага чыгуу дагы кыялым болчу. Аны акырындап ишке ашыра баштадым. Чопо чоор менен ооз комуз боюнча Абдыкадыр деген 80 жаштан ашып калган агайдан сабак алып келем. Аларды үйрөнүп эле калбастан эл алдына алып чыгып, сынактарга дагы катышып жүрөм. Ар бир сыйлыгымды алып келгенде, апам «көкөлөп кетпей, жөнөкөй бол» деп кеңешин берип турат. Үйдөгүлөргө күнүгө бир маал концерт берем. Апам чыгармачылыгыма колдоп турат. Эмгегин актасам дейм.

Англис тилин да өздөштүрүп жатам. Мектепте билим сапаты боюнча «Чилистен» аттуу билим сынак болуп, андан 2-орунду алгам», - деди ал.

Бакдөөлөттүн апасы баласы иш-чараларга байма-бай катышып, өнөрүн такшалтып жаткандыгын белгиледи.

«Мен дагы баламды колдоп, алга сүрөп турам. «Ырчы, музыкант болсоң, эл алдына чыгып өнөрүңдү тартуулайсың. Ошондуктан тартынып, сүрдөө деген жок болуш керек» деп калам. Себеби баарын мыкты билип турса дагы, эл алдында сүрдөп калчу. Бир тууган эжеси карап койсо дагы калтырап унутуп калчу. Азыр чакан иш-чараларга байма-бай катышып, өнөрүн такшалтууда. Чыгармачылыкка абдан жакын. Атасы жактан келген өнөр. Анткени бир кайын агам гитарада, экинчи кайын агам комузда мыкты ойношот», - деди ал.

Жаш талант 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×