Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 10.10.2019 09:31

Нарындагы памирлик үй-бүлөлөргө демөөрчүлөр үй курууга ниеттенип жатышат. Видео

Turmush -  Нарын шаарында жашап жаткан памирлик үй-бүлөлөргө демөөрчүлөр үй курууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өлкө ичинде көптөн бери кайрымдуулук иштери менен алек болгон адамдар памирлик кыргыздар менен жолугуп, кийим-кече жана башка белектерди тапшырышты. Ошондой эле, 1-2 памирлик үй-бүлөгө эл менен бирге там салып берүүгө ниеттенип жатышкандыгын айтышты.

Нарын район аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, Нарын шаарында памирлик 8 түтүн үй-бүлө жашап жатат. Алардын айрымдары президент тарабынан Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө берилген үйдө, калгандары ижарага батир алып жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×