Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2019 20:04 На русском

Кадамжайда айнеги караңгылатылган 2 «Субурбан» текшерилди

Chevrolet Suburban
Chevrolet Suburban

Turmush -  Кадамжай районунда айнектери караңгылатылган унаалардын айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 9-октябрда жол тескөөчүлөр тарабынан айдоочунун документтерин текшерүү үчүн «Шевроле Субурбан» үлгүсүндөгү 2 унаа токтотулган. Себеби унаалардын алдыңкы айнектери караңгылатылган болчу. Унаалар Кадамжай районунун тургуну Э.М.га таандык экени аныкталып, Кадамжай РИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Бузуулар жөнүндө кодекстин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) негизинде протоколдор толтурулган. Андан соң автоунаалар ээсине кайтарылып берилген.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Баткен облусунда Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев ички иштер органдарынын кызматкерлерине 2 «Жип» белек кылганын жазышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×