Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.10.2019 18:49 На русском

Жети-Өгүздө жол тескөөчүлөргө каршылык көрсөткөн айдоочунун унаасы айып короого киргизилди.Видео

// Turmush

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын кире беришинде мас абалдагы айдоочунун унаасы токтотулду. Бул маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Бүгүн, 9-октябрда аталган аймакта улук инспектор Самыйбек уулу Урмат жана милициянын сержанты Жеңишгүл Жаманакова кызмат өтөп жатышкан. Алар 2 эркек киши отурган «ВАЗ 2101» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Жол тескөөчүлөр унаанын айдоочусунан күмөн санашып, анын спирт ичимдигин ичип-ичпегенин аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунушташкан. Бирок унаанын ичиндеги адамдар каршы болуп, сөгүнүшкөн.

Айдоочу — Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган тургуну У.Н.нын айтымында, алар тааладан үйлөрүнө кайтып келе жатышкан. Үйгө чейинки аралык кыска болгондуктан, спирт ичимдигин ичсе дагы унаанын рулуна өзү отурууну чечкен. Ошол эле учурда айдоочу мас абалда унааны башкарууга болбой турганын мойнуна алган.

Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында, айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги аныкталды. Унаа айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×