Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуМанас району 09.10.2019 17:58

Айыл турмушу: Манастык Т.Кулукеев 7 жылдан бери пескоблокторду чыгарган ишкана иштетүүдө (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кара-Арча айылынын 53 жаштагы тургуну Талантбек Кулукеев 7 жылдан бери пескоблок чыгаруучу ишкана иштетип келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, 3 жылдан бери ылайдан кыштарды дагы жасап башташты. Керектүү станокторду өздөрү эле жасап алышат.

«Эң биринчи интернеттен, сыналгыдан пескоблок чыгаргандарды көрүп, айылда дагы атайын станокторду алып иштетсекпи деген ой келген. Ал учурда айылда пескоблок чыгаруучу жерлер жок болчу. Андан кийин шаарга барып пескоблок чыгара турган 2 станок сатып келдим. Бирок анын көлөмү кичине экен. Кайра Таластан 4000 долларга станок алып келдим. Ошондон кийин 4-5 миң долларлык станоктун өзүбүз жасасак болбойбу деп, кайра өзүбүз жасап калдык. Азыр бүт керектүү шаймандарды өзүбүз жасайбыз. Учурда пескоблок жана пеноблок, ылай кыш жасоочу ар кандай станоктордун түрлөрү бар. Керектүү цементти Жамбылдан алдыртам. Күнүнө 400-500 даана пескоблок чыгарабыз. Буларды жайы менен 10 киши иштетебиз. Күзгө маал өзүбүз эле бала-чака менен иштеп калабыз. Мурда бул станоктор менен киреше көп болчу. Анткени райондо жалгыз мен эле чыгарчумун. Азыр андай эмес. Райондо пескоблок чыгарган 6-7 жай ачылды. Пескоблок 20 сомдон, пеноблок 80 сомдон сатылат. Азыркы учурда 1 күндө 1500 миң сомдон өйдө киреше түшүп турат.

Кээде чыгашалары да көбүрөөк болуп калат. Кыштар туура эмес чыгып калса сынып калат. Ушулардын баары чыгашасына эсептелет. Ишканам жайгашкан жерде ижарага алып иштеткендиктен айыл өкмөткө акча төлөп турабыз.

Кышында буйрутма алып чөп чапкан жабдыктарды жасап калам. Буларды жасаганга балам жардам берет. Ага жасаганга 10 күндөй убакыт кетсе, станокторго 4-5 ай убакыт кетет. Чөп чапкычтар 25-30 миң сомго жасалат. Ал универсал болгондуктан баарына кете берет», - деди ал.

Ишкер үй-бүлөдө 3 кыз, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×