Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуМанас району 09.10.2019 16:23 Жаңыланды: 13.10.2019 14:23

Кыргызстандык алптар: Б.Мамаюсуповдун узун боюна кызыгып жактырган кыздар көп болгон (сүрөт)

Turmush -  Манас районуна караштуу Жайылган айылынын 32 жаштагы тургуну Бактияр Мамаюсуповдун боюнун узундугуна кызыгып жактырган кыздар көп болгон. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, учурда кыш чыгаруучу ишканада иштейт.

«Менин боюм 1 метр 95 см. Үйдө апам бойлуу, 2 метрге жакын киши болгон. Боюмдун узундугу апам аркылуу келсе керек деп ойлом. Мектепте же иштеп жүргөндө кызыктуу окуялар көп эле болчу. «Эмнеге боюң мынча узун? Эмне ичип өстүрдүң?» деп сурагандар көп болчу. Аларга «боюм ген аркылуу узун» деп эле жооп берчүмүн. Чет өлкөлөргө чыкканда боюма кызыгып суроо узаткан адамдар көп болгон. Бирок мен көп маани берчү эмесмин. Жаш кезде боюма кызыгып, мени жактырган кыздар көп болгон.

Азыр эртеден кечке жумушта болом. Андан кийин үйгө барам. Бош убакта ар кандай шаймандарды дагы жасап калам. Азыр атайын кирпич куйчу станокторду жасасамбы деген пландарым бар», - деди ал.

Бактияр мырза 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

07.05.2019Кыргызстандык алптар: 19 жаштагы Нурболот Калыбеков көп учурда унааларга түшпөй жөө жүрөт (сүрөт)
15.05.2019Кыргызстандык алптар: М.Аманкулов айылда кайсы үйгө барбасын эшиктен эңкейип кирет (сүрөт)
17.06.2019Кыргызстандык алптар: М.Кулбортоев жаш кезинде «Жираф» дегендерди сабап койчу (сүрөт)
06.08.2019Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Э.Шекербаевден боюн кандай дары ичип өстүргөндүгүн көп сурашат (сүрөт)
29.08.2019Кыргызстандык алптар: 60 жаштагы Б.Сүеркулов айылындагы эң узун бойлуу адам (сүрөт)
06.09.2019Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Канат Америкада окуп, модель болуп иштегиси келет (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×