Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2019 13:46

Нарын шаарында иш учурунда каза болгон жумушчунун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Turmush -  Нарын шаарында иш учурунда топурак алдында калып каза болгон 28 жаштагы жумушчунун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 3-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Нарын шаарынын тургуну «102» кызматына телефон чалып, Нарын шаарынын Райымбеков көчөсүндөгү үйдүн короосунда жер казып жаткан 2 кишини топурак басып калгандыгын билдирген. Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда Нарын шаарынын 1991-жылы туулган тургуну менен 1990-жылы туулган тургуну суу түтүгүн оңдоо үчүн жер казып жатканда аларды топурак басып калгандыгы белгилүү болгон. Анын кесептинен А.у.А. окуя болгон жерден каза болуп, ал эми К.у.К. денесинен жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×