Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.10.2019 13:36

Жалал-Абадда 20,9 млн сомдук жер астынан өтүүчү өтмөк ишке берилди. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында биринчи жолу соода түйүндөргө ылайыкташкан жер астынан өтүүчү өтмөк ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган депутаттар, бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Анда мэр бул шаардыктар үчүн түзүлгөн эң сонун шарт экенин баса белгиледи.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында шаардагы чоң курулуштардын бири катары ушул өтмөк болуп эсептелет. Буга чейин өтмөктү октябрь айында пайдаланууга берүүнү убадалаганбыз. Мурунку өтмөктөн айырмаланып мында 24 соода түйүн болду, баары муниципалдык менчик болуп эсептелет. Жакында ушул соода түйүндөр үчүн ачык сынак өтөт, каалоочулар катышса болот. Ижара акы боюнча азырынча болжолдуу сумма чечиле элек. Башкысы шаардыктар үчүн шарт түзүлдү. Ленин көчөсүндөгү унаа тыгыны азайды. Аткаруу бийлигинин аракеттери, шаардык кеңештин колдоосу менен жүзөгө ашып жатат», - деди М.Тагаев.

Анын белгилөөсүндө, түнкү жарыктандыруулар да эске алынган. Бул объект үчүн шаардык бюджеттен 26 миллион 338 миң сом бөлүнгөн. Ал эми тендерден «Сафари» ЖЧКсы 20 миллион 900 миң сомго утуп алган. Өтмөктүн узундугу 40, туурасы 9 метрди түзөт.

Былтыркы жылы узундугу 30, туурасы 6 метр жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилген. Ал өтмөктү дагы «Сафари» ЖЧКсы 13 млн сомго курган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×