Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2019 13:27

Нарындын борбордук аянтындагы экран айдоочуларга тоскоолдук жаратуудабы?

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук аянтында шаардык мэриянын алдында орнотулган жарнак экран күн баткандан соң айдоочуларга тоскоолдук жаратууда.

Марат аттуу айдоочунун айтымында, бул экран туура эмес орнотулган.

«Ушул экранды кечкисин өчүрүп эле коюшса. Унаа айдап баратканда абдан жарык болуп, адамдын көзүнө чагылышып жатат. Күндүз көп билинбейт. Негизи туура эмес коюлган. Жол жакты каратпай, экранды буруп коюшса жакшы болмок», - дейт ал.

Таксист Жаныбек Сейитбеков бул жерде унаа кырсыгы болуп кетиши мүмкүн дейт.

«Буга ким уруксат бергенин билбейбиз. Эмнеге кечкисин экрандын жарыгын азайтып коюшпайт? Жол жүрүп же унаа айдап баратканда аябай тоскоолдук жаратат. Көзгө чагылышканда унааны айла жок жай айдап, араң өтөбүз. Алдыңда унаа келе жатканы же баратканы билинбей калат. Буга көз салып, карап коюшса болот эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×