Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.10.2019 12:55

Балыкчыда эки жеңил унаа кагышты (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында жол кырсыгы катталды, деп билдиришти күбөлөр.

Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн, 9-октябрда саат 12:00 чамасында Балыкчы шаарынын Ш.Кулакунов жана С.Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. «Хонда Аккорд» жана «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Учурда жол кырсык боюнча жерде ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×