Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2019 12:45

Кадамжайда А.Орозбеков атындагы музей оңдолуп жатат

Turmush -  Кадамжай шаарында Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейди оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда музейдин жетекчиси Хабибулла Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, музей 1989-жылы ачылган. Ошол убактан бери оңдоп-түздөөдөн өткөн эмес. Имаратты оңдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 150 миң сом бөлүнгөн. Аталган иштер 17-октябрга чейин аягына чыгат.

Музейде жалпы 574 экспонант бар. Анда мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун өмүр-таржымалы, кийген кийимдери жана буюмдары коюлган. Музейге кирүү үчүн чоңдордон 20 сом, окуучулардан 10 сом акы алынат. Пенсионерлер жана майыптар акысыз кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×