Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2019 09:36

Чет-Нурадагы 106 жаштагы З.Рыскуловага акчалай жардамдар берилди

Turmush -  Карылар күнүнө карата Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл аймагында жашаган улгайган апалар менен аталардын башын бириктирген жыйын өтүп, аларга сый тамак уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага айылдардан келген жүзгө чукул карыя катышты.

«Аталган айыл аймагында улгайган адамдарга камкордук көрсөтүү максатында бир айлык жарыяланган. Анын алкагында алардын короо жайын иретке келтирүү, ар кандай тиричилик жумуштарына жардам көрсөтүлүп келди.

Бүгүнкү сый тамак айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл башчыларынын өз каражаттарынын эсебинен уюштурулду», - деди аталган айыл өкмөттүн башчысы Азамат Мүсүрканов.

Карыяларга райондун акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова жана райондук соцфонд башкармалыгынын бөлүм башчысы Кундуз Исмаиловалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, пенсия маселеси боюнча кызыктырган суроолорго жооп беришти. Карыяларга арналган иш-чара айылдын өнөрпоздорунун концерттик программасы менен коштолду. Ошондой эле акимдин орун басары Орто-Нура айылында жашаган 106 жаштагы Зейне Рыскулованын ден соолугун сурап, өкмөттүн өкүлүнүн атынан куттуктап, башына ак жоолук салып, эки миң сом акчалай жардам тапшырды.

Чет-Нура айыл аймагы 8 айылдан туруп, 6 миңден ашык калк жашайт, 700гө чукул пенсионерлер бар. Анын 200 адамы 70 жаштан 90 жашка чейинки тургундар болсо, 6 карыя 90 жаштан өткөн тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×