Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 08.10.2019 16:53

Кытайлык ишкерди уурдаган банда: Полковник Кара-Суудагы чуулгандуу окуяны айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгы белгиленүүдө. Ага утурлай Turmush басылмасы Ош облустук ички иштери башкармалыгы менен биргеликте ардактуу эс алууга чыккан офицерлер жана учурда ички иштер органдарында иштеген кызматкерлер тууралуу бир катар материалдарды даярдады.

Милициянын полковниги Аскар Толубаев ички иштер органдарында 1993-жылдан бери иштеп келет. Учурда Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү. Ал 26 жылдык эмгек тажрыйбасындагы эстен кеткис окуя тууралуу айтып берди.

Полковник милиции Аскар Толубаев

«Кытай мамлекетинин жаранына кол салуу болду деген маалымат жергиликтүү милиция кызматкерлеринин болгон күчүн топтогон. 2000-жылдын 20-июнь күнү болжол менен таңкы саат 5те Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын четинде белгисиз азиат түспөлүндөгү үч адам кара-күрөң түстөгү унаа менен (болжол менен «Ауди» же «Мазда») ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаада бара жаткан чет өлкөлүк жарандарды тосушкан. ВАЗ-2106 унаасын Кытай Элдик Республикасынын (КЭР) Үрумчү шаарынын 1954-жылы туулган тургуну Х.И. башкарып бара жаткан. Анын жанында КЭРдин Кызыл-Суу автономиялуу облусунун Артуш шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Р.Н. жана 1955-жылы туулган тургуну М.А. болгон. Алар Ош шаарында жашашып, Кара-Суу шаарындагы базарда соода-сатык иштери менен алектенип келишкен. Унааны тоскондор алардын паспортторун алып, айдоочусун белгисиз тарапка алып кетип калышкан. Бул окуя боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, бир канча версиялар текшериле баштаган. Кылмыш кытайлык жарандар менен байланышта болгон адамдар же достору тарабынан жасалышы мүмкүн деген божомолдор болду. Шектүү катары мурда ОМОНдо иштеген кызматкерлер да текшерилип жатты. Кылмыштын бетин ачуу үчүн бардык милиция кызматкерлери тартылды. Коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарына да багыттамалар жөнөтүлдү. Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кызыл-Кыштак, Кашкар-Кыштак айылдары, Ош шаарынын Амир-Темир, Туран, Ак-Тилек, Черёмушка кичи райондору кылдат текшерилди. Мурда соттолгондор, оор кылмыш жасагандар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана лидерлери, курал-жарак сакталган кампалар текшерилди.

25-июнь күнү белгисиз кылмышкерлер өздөрүнүн унаасына салып кетишкен кытайлык Х.И.ни Ош шаарынын жаңы автобекетинин аймагына таштап кетишиптир. Х.И. аны 5 күн жер төлөдө камап коюшканын, кылмышкерлер дайыма беткапчан жүрүшкөнүн, бири-бири менен уйгур жана өзбек тилдеринде сүйлөшүшкөнүн билдирди. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө уйгур улутундагы чет өлкөлүк жарандар жер төлөсү менен имаратты ижарага алуу үчүн 8-июнда бир фирмага кайрылып, даректерин таштап кетишкени белгилүү болгон. Алар таштаган дарек боюнча барганда жабырлануучуну ошол үйдүн жер төлөсүндө кармалганын билдирген. Кылмышка шектүүлөр Түркия мамлекетинин жарандары: 1974-жылы туулган Ф.К. жана 1966-жылы туулган Д.Х., КЭРдин 1971-жылы туулган жараны Ч.М., Бишкек шаарынын тургуну Р.К. жана «Рашид» аттуу жаран экендиктери аныкталды. Түркиянын жараны Ф.К. 4-июль күнү Ош шаарындагы батирлердин биринен кармалган. Эртеси Кызыл-Кыштак айылында жашаган кайын энесинин үйүнөн АКМ үлгүсүндөгү 1 даана ок атуучу автомат, өндүрүштөн чыгарылган 1 даана автомат, тапанча жана жүздөгөн патрондор, 2 даана жардыруучу зат, видеокамера, спутник аркылуу байланышка чыгуучу чөнтөк телефон, кара түстөгү беткаптар, кол каптар, бир ЖЧК тарабынан Ф.К. жана Р.И.ге берилген күбөлүктөр табылып, алынган.

Сурак учурунда Ф.К. 21-июнда "Рашид" Бишкек шаарына учуп кеткендигин билдирген. Ошондой эле Р.К. жана Ч.М. "Ауди" унаасы менен жабырлануучу кармалган үйгө кетишкенин, Түркиянын жараны Д.Х. жубайы менен Пакистанга кетүү үчүн Жалал-Абад шаарынан Бишкекке учак менен учуп кеткенин айткан.

Ошондой эле шектүүлөр: Ф.К, Д.Х., Р. К. (каймана аты "Иса") жана Ч.М. Бишкек шаарындагы "Достук" мейманканасынын жанында КЭРдин коопсуздук кызматынын автоунаасына ок атышкандыгы белгилүү болгон. Алар 2000-жылы 28-мартта жергиликтүү уйгур коомунун төрагасы Негмат Базаровдун өлүмүнө, 29-апрелде Бишкектеги "Шах" акча алмаштыруу жайындагы каракчылык кылмышына катышы бар экендиктери аныкталган. Ф.К. 9-июлда Ош шаарынан Бишкек шаарына которулган», - деди Аскар Толубаев.

Ал учурда 50 жашта.

Материал Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев менен бирге даярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×