Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 08.10.2019 17:01

Эгиздер: Батма менен Зуураны кээде ата-энеси да айырмалай албай калат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылындагы 15 жаштагы эгиздер Жыргалбек кызы Батма менен Зуураны мектептен мугалимдер көп алмаштырат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Кыздардын апасы Жамила Сагынбекова кыздарын уктап жаткан маалында айырмалай албай каларын айтты.

«Өзүм Манас районунун Покровка айылынын кызы болом. 2001-жылы кыздарымдын атасына турмушка чыккам. 2004-жылы 20-октябрда эгиз кыздуу болдук. Ичтеги түйүлдүк эгиз деген жаңылыкты укканда атасы экөөбүз тең аябай толкунданып, бир сыйра ыйлап алганбыз. Биз үчүн чоң жаңылык болду десем болот. Батма 2 кг 200 салмак менен төрөлдү. Арадан 5 мүнөт өткөндөн кийин 2 кг 100 салмак менен Зуура төрөлгөн. Экөө киндиктеш болгондуктан ысымдарын Батма, Зуура деп койгонбуз.

Батма ачык, ак көңүл, көп адамдар менен бат эле мамиле куруп кете алат. Зууранын мүнөзү оор, сырын эч кимге айтпайт. Бат урушат жана бат эле жазылып кетет. Экөөнүн окшоштуктары көп. Кээ бирде атасы экөөбүз кыздар уктап жатканда ойготолу деп барып айырмалай албай калабыз (күлүп)», - деди ал.

Зуура учурда 9-класста окуп жатышкандыгын белгиледи.

«Учурда айылдагы А.Умарбеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары болобуз. Бизди мектептен көп мугалимдер ажырата алышпайт. «Батмасыңбы же Зуурасыңбы?» деп сөзсүз сурап чыгышат. Мектепте ар кандай иш-чараларга Батманы тандап алышат да менин атымды жазып коюшат.

Бир кыз бир жолу Батмага айта турган сырын адашып мага айтып алган. Ошентип менден жашырып жатышкан сырларын билип койгом. Кайра экөөнө айтып койсом Батма дагы берки кыз дагы аябай жинденишкен. Экөөбүз окшош болгондуктан сабак учурунда журналга коюлуучу баалардан да адашып, бири-бирибизге коюп коюшат. «Эмкисинде сөзсүз сени сурайм?» деп кайра эле кийинки сабакта адашып алгандар көп болот.

Келечекте мен дарыгер, Батма журналист болгубуз келет. Эгиз балдарга турмушка чыгып, эгиз балалуу болсок деп көп кыялданабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×