Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусу, Талас 08.10.2019 15:03 На русском

Сот Д.Курманалиевди кайрадан Таластын биринчи вице-мэри кызматына коюу боюнча чечим чыгарды

Turmush -  Талас шаардык соту Дамирбек Курманалиевди вице-мэр кызматына кайрадан коюу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дамирбек Курманалиевдин айтымында, сот чечимди бүгүн, 8-октябрда чыгарды.

«Бүгүн, 8-октябрь күнү Талас шаардык соту чечим чыгарды. Соттун чечиминде мэр Айдар Жузупбековдун 8-июндагы буйругун жокко чыгарып, кайра мени Талас шаарынын биринчи вице-мэри ордуна кайра коюу чечимин чыгарды», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 9-июлда Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгы белгилүү болгон. Бул маалыматты Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков тастыктаган.

Анын айтымында, Д.Курманалиев 5-июль күнү өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазган.

«Буга чейин эле ал «эмгек өргүүгө чыгам, андан соң жумуштан кетем» деп айтып жаткан. Бир аз убакыт мурун жумуш боюнча түшүнбөстүктөр болгонун мойнума алам. Анын жумуштан кетишине мен эч кандай кысым кылган жокмун. Үй-бүлөсүн шаарга көчүрүп кетти, өзү дагы кетет экен деп укканбыз. 7-июлда жумуштан кетүү арызына кол коюлуп, буйрук чыкты», - деген болчу мэр.

Ал эми Дамирбек Курманалиев ага кысым болгону үчүн жумуштан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирген.

«Мен 1 ай мурун мэр Айдар Жузупбековдон үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1 айлык эмгек өргүү сурагам. Ал ошол жерден эмгек өргүүгө чыгуу арызы менен бирге жумуштан кетүү арызын жаз деп кысым кылды. Мага үй-бүлөлүк шарттар боюнча эмгек өргүү керек болгондуктан арыз жазып, чыгып кеттим.

Мен жазган арызда 5-июль көрсөтүлгөн. Ал күнү менин эмгек өргүүм бүтмөк эле. Мен биринчи жазылган арыз каттала электе, 3-июль күнү жумуштан кетүү боюнча арызымдан баш тартам деп каттоодон өткөргөм. Ага карабастан 5-июлда менден 1 ай мурун жаздырып алган арызымды каттатып, 7-июль күнү жумуштан бошотуу боюнча буйрук чыгып жатат. Мен 5-июлдан бери ден соолугума байланыштуу ооруканада жатам. Ал күндөрү мэрдин почтасына дагы арыздарымды, ооруканада жаткандыгым тууралуу кабар берип жаттым», - деген Курманалиев.

Кийин 19-июлда Дамирбек Курманалиев Талас шаардык сотуна кызматка кайра коюу боюнча арыз жазгандыгы кабарланган. Бул тууралуу маалыматты Талас облустук сотунан тастыкташкан.

Маалым болгондой, Дамирбек Курманалиевдин арызы 17-июль күнү келип түшкөн.

Ал эми Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков бул боюнча кабардар экендигин белгилеген болчу.

«Талас шаардык сотуна арыз түшкөнү боюнча маалыматым бар. Мен чыгарган буйрук боюнча жазса керек. Мен мыйзам чегинде иш жасагам. 5-июль күнү жумуштан кетүү боюнча арызы түшкөн. Ошол арыздын негизинде 8-июль күнү буйрукка кол койгом», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×