Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 08.10.2019 10:43 На русском

Баткендеги өлүм: 3 бир туугандын өлүмүнөн кийин шахталар боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Turmush -  5-октябрда Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтада каза болгон 3 бир туугандын өлүмү боюнча мэрияда координациялык кеңеш өткөрүлдү.

Маалым болгондой, аталган жыйын Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан уюштурулду. Ага Баткен облусунун жетекчисинин 1-орун басары Кеңеш Салихов, Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров, шаардык кеңештин депутаттары, прокурорлор, УКМКнын, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Талкууда координациялык кеңеш төмөнкүдөй жыйынтыкка келди:

- Тоо-кен тармагы боюнча жогорку билими болсо, ушул тармакта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар жарандарга лицензия берилсин;

- Ар бир квартал сайын тиешелүү адистер, укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте комиссия түзүлүп, кооптуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлсүн;

- Техникалык кооптуулуктун алдын алуу боюнча участка башчыларына, тоо мастерлерине график боюнча окутуу-семинарлар уюштурулсун;

- Шахта башчыларына кооптуулуктун алдын алуу үчүн кесипкөй адистерди алып, керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 5-октябрда Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, адамдар уулангандыгы кабарланган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барган учурда 5 адам газга ууланганы белгилүү болгон. Алардын үчөө шахтадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Андан соң Кош-Булак айылындагы ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер эчак эле каза болушканын билдиришкен. Аталган 3 адам бир туугандар болушкан. Калган 2 адамдын абалы туруктуу болгон.

Каза болгондор:

- Н.Я.,1975-жылы туулган;
- Ж.Я.,1977-жылы туулган;
- К.Я.,1979-жылы туулган.

Каргаша Кадамжайда да кайталанган.

6-октябрда 3 адам Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында шахтада көмүр казып жатып каза болгону белгилүү болгон. Акимчилик аталган адамдар ал жерде мыйзамсыз иш жүргүзүп келишкендигин билдирген. Алар быйылкы көмүр казуу сезонун баштагына болгону 1 жума болгондугу такталган. Каза болгондор Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары болушкан. Алар:

- 1998-жылы туулган А.Ажибек, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган М.Толкун, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Кулуштан айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган Т.Баит, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылынын тургуну.

Үч-Коргон айыл аймагынын Боз участкасында Кара-Козу шахтасы, №11 шахта, Борду шахтасы деген 3 жай бар. Ал жерлер союз учурунда иштеп, кийин ишин токтоткон. Бул жерлерди Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары өз алдынча иштетишип, көмүр казып келишет. Жергиликтүү бийлик аталган жайда иштегендерге жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ушул жылдын март айында дагы Кара-Козу шахтасынан 8 адамга, № 11 шахтасынан 51 адамга, Борду шахтасынан 2 адамга эскертүү берилген. Акыркы жолу 2018-жылы шахталардын биринен өз алдынча көмүр казып жаткан жаран газга ууланып каза болгон. Анда бул жайлар ишин убактылуу токтоткон. Негизи бул жерде өз алдынча иш жүргүзүүгө болбойт. Эски шахта болгондуктан көмүр казууга кооптуу болуп, көп нерсеси талапка жооп бербейт. Ал жерге адамдар өздөрү электр энергиясын тартып барып иш жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×