Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.10.2019 13:38

Кара-Буурадагы оорукана 8,3 млн сомго оңдолду

Turmush -  Кара-Буура районунда үй-бүлөлүк медицина борбору капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы жабдыктар алынып келинди. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Канатбек Акматбеков билдирди .

Анын айтымында, оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 8 млн 358 миң сом бөлүнгөн.

«Үй-бүлөлүк медицина борбору 1986-жылы пайдаланууга берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоо иштери жүрбөй келиптир. Быйылкы жылы 1-орунга оңдоо иштерин коюп, 1-2-кабатты оңдодук. Оңдоо иштери февраль айынан баштап жүрүп келген. Буга чейин дубалдардан суу чыгып, урап түшө берчү. Оңдоо иштеринен тышкары жаңы керектүү аппараттар алынып келинип, пайдаланууга берилди. Келген бейтаптарга бир кыйла шарт түзүлдү десем болот. Оорукана санитардык нормага жооп берип калды», - деди ал.

Үй-бүлөлүк медицина борборунда 256 кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×