Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 07.10.2019 19:06 На русском

Сүрөт — 32 кг гиряны 3019 жолу көтөрөм деген Т.Бакировду калыстар токтотуп калышты

Turmush -  Ош шаарынын күнүнө карата 3019 жолу гиря көтөрөм деген Тариэл Бакировду 2 саат 51 мүнөттөн кийин калыстар токтотту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата гиря көтөрүү боюнча мелдеш уюштурулду. Ага Ош шаарынын бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин окуучулары катышкан. Андан тышкары ошол эле мектептин оор атлетика боюнча машыктыруучусу Тариэл Бакиров 32 килограмм болгон гиряны 2119 жолу көтөргөн. Бирок Т.Бакиров шаар күнүнө 3019 жолу гиря көтөрүүнү максат кылганын билдирди.

«Сулайман-Тоо» музейинин алдында 30га жакын спорчу күч сынашты. Алардын ар бирине 10 мүнөт убакыт берилген. Мен Кыргызстандын атынан гиря көтөрүү боюнча Өзбекстан, Казакстан, Россия, Корея мамлекеттерине барып, биринчиликтерге катышып жүрөм. Былтыр Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынгам. Буга чейин 2500 жолу гиря көтөргөм. Шаар күнүнө карата 3019 жолу көтөрөйүн деп ойлогом, бирок колумдун териси сыйрылып кеткенине байланыштуу калыстар токтотушту. 2 саат 51 мүнөттө 2119 жолу гиря көтөрдүм. Өзүм техникалык каталарды кетирип алдым, башында темпти тездетип алып, кийин кыйналып калдым. Бул аракетим менен жаштарды шыктандыргым келди», - дейт Тариэл Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×