Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 07.10.2019 11:56 Жаңыланды: 07.10.2019 19:04

Жубайлардын сүйүү баяны: Досунан сүйүктүүсүн тартып алган Кайрат Миранын колун Тамаша күнү сураган

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары, жубайлар — Кайрат Шеримбеков менен Мира Тургумбаеванын бирге түтүн булатканына быйыл 29 жыл болду. 2020-жылы бермет тоюн белгилейбиз деп жаткан жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Мира Тургумбаеванын айтымында, ал 1970-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.

«Атам Фрунзе шаарында төрөлүп өскөн. Ал профсоюзда ишин баштап, кийин партиянын мүчөсү катары эмгектенген экен. Бирок согуш башталганда фронтко жөнөтүлүптүр. Апам болсо Ысык-Көл облусунан болот. Атам согуштан аман-эсен кайтып келгенден кийин үй-бүлө куруп, апам экөө 11 балалуу болушкан. Үйдүн эң кичүүсү болуп 1970-жылы мен төрөлдүм. 11 бир туугандын эң кичүүсү болгондуктан эрке болуп, эч нерседен кем болбой чоңойдум. Туугандарымдын баары ошол учурда чоң кызматтарда иштешчү эле», - дейт Мира Тургумбаева.

Ал жолдошу Кайрат Шеримбеков менен студент болуп жүргөндө таанышкан.

«Кайрат 1967-жылы Нарын шаарында туулган. Экөөбүз 1989-жылдын декабрь айында ал Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүп жаткан жылы таанышканбыз. Мен анда ошол эле университетте 2-курста окучумун. Жатакана жашай турган жери жок студенттерге гана берилчү эле. Биз үй-бүлөбүз менен шаарда тургандыктан ата-энемен уруксат алып, кыздар менен жатаканага чыктым. Ошол учурда окууга чогуу даярданып, сабакка курбуларым менен бирге баруу мага кызык болуптур. Бир аз убакыт өтпөй Кайрат досу Нурлан менен көчүп келди. Досу милиционер болчу, ал кезде А.Акаев президент эле. Досу резиденцияга нөөмөткө чыкчу. Жатакананын бир короосунда Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин, Педагогикалык институттун, техникумдун студенттери 4-5тен болуп жашашчу.

Бир күнү Кайраттын досу биздин бөлмөгө келип, «карта ойнойсуңарбы?» деп калды. Ошондо менин казак курбум дароо эле «ким утулса, ошол кечкиге тамак жасайт» деп шарт койду. Ошентип карта ойноп, Нурланды утуп алдык. Ал тамак жасаганы өзүнүн бөлмөсүнө кетти. Бир аздан кийин тамак ичкиле деп чакырып келди. Биз 5 кыз болуп анын бөлмөсүнө жөнөдүк. Барсак, кесме кууруп коюптур. Кайрат дипломдук ишине даярданып, чоң плакатка чийме чийип отурган экен. Бизди көрүп, бир аз уялып кеткендей болду. Анан досу тааныштырды. Бирок, Кайратты ага чейин эле көрүп жүрчүбүз. Ал бизге гитара чертип берип, алар жасаган тамакты жеп алып кайра бөлмөбүзгө кеткенбиз. Алар жаңы көчүп келишкенде Кайрат досуна «кыздар көп экен, бирок экөөбүз эч ким менен деле сүйлөшпөйбүз» деп айтыптыр. Досу Нарынга барып келгенден кийин Кайрат ага «мага кызыл шымчан кыз жагып кылды» деп айткан экен. Ошентип, бирге тамактанган күндөн баштап, досу биздин бөлмөгө бир нерсени шылтоолоп эле көп келе баштады. Көрсө мени жактырып жүргөн экен.

Бир күнү курбум экөөбүз келе жатсак, эшиктин алдында Нурлан турган экен, бизди көрүп эле ширеңке сурады. Биз ширеңке жок экенин айттык. Анын артынан Кайрат чыгып, «жүрүгүлө, сейилдеп келебиз» деди. Курбум үйгө кирип кетти, Кайрат экөөбүз эшикке чыктык. Ошол убакта кыштын чилдеси, эшик суук, 15 сантиметрдей кар жаткан. Алыс кеткенден коркуп, үйдүн бир башынан экинчи башына чейин жылгаяк тептик. Үшүгөнүбүзгө карабай кечке жүрдүк. Түнкү жарыкта жылтылдап жааган ар бир карды карап, таза абада сейилдеп жүрүп, экөөбүз бири-бирибизди жактырганыбызды, сүйүүгө туш болонубузду сездик. Бул күндү биз азыркыга чейин эстейбиз. Бирок, эч нерсе билгизбей, жолукканда саламдашып коюп эле жүрдүк. Досу Нурлан азыркыга чейин «Мираны менден тартып алгансың» деп айтып калат», - дейт ал.

Анын айтымында, жолдошу 1-апрель —Тамаша күнү анын колун сураган.

«Февраль айында Кайрат университетти бүтүп, диплом алды. Нарынга кетпей жүрдү. Ага чейин 31-март күнү экөөбүз филармониянын жанындагы сүрөт салонуна барып, сүрөткө түшкөнбүз. Ал 1-апрелде билет алып, Нарынга кетерин айткан. Ал кезде кезекте туруп, автобуска араң билет алышчу. Ошентип 1-апрель күнү эртең менен келип, «мен билетти өткөрөм, сени кошо ала кетем, телеграфка барып апама чалып, айтып коём» деди. Мен болсо 1-апрелде тамашалап жатат деп, макул деп койгом. Бир аздан кийин «билетти өткөрүп келдим, үйдө апам жок экен, байкеме айттым, бир аздан кийин кайра барып чалам» деди. Мен дагы деле тамаша кылып жатат деп ойлодум. Бир маалда досу келип, Кайратты сурады. Мен анын телеграфга барам деп жүргөнүн, тамашалап жатканын айттым. Бир аздан кийин кайра Кайрат экөө келди. Ал үйүнө чалса, апасы «Кайрат жакында үйлөнбөйт болчу, сен Кайрат эмессиң, балама эмне болду?» деп анын айткандарына ишенбей коюптур. Анан досу дагы айтканда ишенип, «биз келин тосконго даярданалы, 2-3 күндөн кийин алып кел» дептир. Ошентип, классташтары болуп келип, бизге каалоо-тилектерин айтып башташты. Мен ошондо чын айтып жатканын билип, өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп келейин деп барсам, апам: «алар эчак даярданып жатышкан турбайбы, макул дегенден кийин барышың керек» деди. Ошентип, улам жылдырып жатып, 19-апрелде баш коштук.

Кайрат Фрунзеде жашайбыз деп, шаарга келдик. Ошондон бери шаарда турабыз. Мен дагы университетти бүтө элек болчумун. Кичинекей батирге чыгып, жолдошум «Ленин» заводуна энергетик болуп жумушка орношту. Мен дагы ательеге мастер болуп ишке кирдим. Анан союз тарап, кыйын заман башталды. Тамак-аш талон менен берилип калды. Биз башкалардай болуп аябай кыйналган жокпуз, ата-энелерибиз бизге колдоо көрсөтүп жатышты. Кайын энем мугалим болгондуктан бизге кеп-кеңештерин көп берди. Кайрат 1996-жылы КТРКга энергетик болуп жумушка орношту, азыр башкы инженер, техникалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Мен 1996-жылы өкмөттүк ательеге жумушка кирдим, азыркыга чейин технолог болуп иштеп келе жатам», - дейт ал.

Жубайлар 3 баланын ата-энеси болушкан.

«Экөөбүз 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Кыздарыбызды турмушка узатып, 2 неберелүү болдук. Улуу кызыбыз 2 дипломдун ээси. Кыргыз улуттук университетинде француз тилин окуду. Андан кийин Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында эл аралык мамилелер боюнча магистратурада билим алды. Көп жерлерде иштеди. Кийин турмушка чыгып, эне болду. Азыр декреттик өргүүдө. Экинчи кызыбыз дагы 2 кесиптин ээси. Үй-бүлөлүү. Уулубуз дагы жогорку окуу жайда окуп жатат.

Мен тагдырыма ыраазымын. Күн сайын биздин сый-урматыбыз өсүп жатат. Жолдошум эшиктен терип келсе дагы мага гүл берип, маанайымды көтөрүп турат. Бири-бирибизди колдоп, барктап келебиз. 2020-жылы буюрса бирге түтүн булатканыбызга 30 жыл болот», - дейт Мира Тургумбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×