Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 07.10.2019 11:29 На русском

Кочкордогу Орто-Токойдо дагы «пирамида» барбы? Сүрөт

Turmush -  Орто-Токой суу сактагычынын астындагы 19-кылымдарга таандык пирамида турак жайдын калдыгы сакталып калган. Аймактык кабарчы аталган жайда болуп маалымат чогулткан.

Тарых, санжыра иликтөөчү, филолог Кабылбек Жумабаевдин айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын аркы түндүк жак жээгинде суу астында калган дубалдын пайдубалы бар. Турак жай пирамида түрүндө (үч бурчтуу формада), дубалдын учу түндүккө багытталып салынган. Дубалынын калыңдыгы 65 сантиметр, түндүктөн түштүккө 50 метр узундукта, арткы бети 58 метр 70 сантиметр, дарбаза турган жери 8 метр узундукта жайгашкан. Түндүк жак учунда мунара болгон сыяктуу, ал жерде таштар чачылып жатат. Арткы бетинде кошумча бөлмө жабыша курулган. Анын туурасы 8 метр, узуну 42 метр, дарбазасы 8 метрди түзөт. Турак жайдын эмне үчүн пирамида сыяктуу үч бурчтук салынганы табышмак жаратат. Бул үч бурч ( пирамида) түрүндө курулган тарыхый турак жай Орто Азия чөлкөмүндө жалгыз болушу мүмкүн.

«Бул турак жай 19-кылымда кокондук сарбаздардын же Ормон хандын турак жайы болушу мүмкүн. Бирок, кокондуктар Таш сарайдан бурулуп, түндүк тараптан солго карай Балыкчыга чыга берген жерде Көтмалды чебин салышкан. Ушул жерде алар кыргыздардан салык жыйнап турушкан. Демек, кокондук сарбаздар мынчалык жакын жерге салык чогултуучу турак жай курмак эмес», - деди ал.

Ормон хан 1841-жылы Кызыл-Сазда (кээ бир айтымдарда Орто-Токойдо) кыргыздын айрым урууларын чогултуп, өзүн хан шайлаткан. 1842-жылы көлдүк кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш баштаган. Ага Ормон хан жетектеген көпчүлүк айылдардын калкы катышкан. Элдик кыймылды токтотуп коюуга чептерде жетиштүү сандагы сарбаздар жок эле. Каракол, Барскоон жана Коңур-Өлөң чептеринде 40-60тан гана сарбазы бар чакан кошуундар турган. Кокондук сарбаздар соода кербендерин кайтарчу жана зекет жыйноодо зекетчиге көмөк көрсөтүшчү. Алар кыргыздардын кысымына туруштук бере алышпай качышкан.

1843-жылы Ормон хан башкарган кыргыздар кокондук кошуундарды, зекетчилерди Ысык-Көл өрөөнүнөн кууп чыгып, алардын чептерин талкалашкан. Натыйжада, Ысык-Көл ойдуңунда Кокон хандыгынын үстөмдүгү жоюлуп, кыргыздар хан бийлигинен убактылуу кутулган. Ошол кезде 1842-жылы Ормон хандын аскерлери Көтмалды (Кутубалды) чебин өрттөгөн.

«Тарыхый маалыматтарда, санжыралар боюнча да Ормон хан жайкысын Кырчында, кышкысын Орто-Токойдо отурукташкандыгы айтылат. Мындан улам Орто-Токой суу сактагычында суу алдындагы чеп Ормон хандын турак жайы экендигин тастыктасак болот. Чептин эмне үчүн пирамида үлгүсүндө, үч бурчтук салынганын изилдөө, чептин үлгүсүн бузула электе сактап калуу тарыхчы, окумуштуулар көңүл бурушу зарыл», - деп кошумчалады Кабылбек Жумабаев.

Орто токой суу сактагычы — Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында жайгашкан. Чүй дарыясынын нугунда, Балыкчы темир жол бекетинен 20 чакырым аралыкта. Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×