Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 07.10.2019 09:17 На русском

Эки баланын өмүрүн алган жол кырсык: Ооруканадагы окуучу каза болду

Turmush -  Жайыл районундагы жол кырсыктан жабыркаган 11-класстын окуучусу каза болду. Жол кырсыктан кийин ал оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Окуучу 10 күндөн кийин каза болуп калган.

Буга чейин Turmush басылмасы 10-сентябрда Жайыл районунда 17 жаштагы К.Т. аттуу бала айдап бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, 2 адамдын өмүрү кыйылганын жазган.

Кырсык Полтавка–Орто-Суу унаа жолунда болгон. Орто-Суу айылындагы мектептин 11-классынын 2 окуучусу жана Ново-Николаевка айылындагы мектептин 1-классынын окуучусу А.А. бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа даракка урунган.

Маалыматка караганда, 2 жигит агасы менен Ново-Николаевка айылындагы мектептен кичинекей баланы алып кайтып келе жатышкан. Полтавка айылына келгенде агасы унааны К.Т.га берип, өзү башка иштери менен кеткен. К.Т. унааны айдап бара жатып жолдон башкарууну жоготуп, даракка барып урунган. Аны кесепетинен К.Т., 1-класстагы бөлөсү А.А. ошол жерден каза болгон. Ал эми экинчи бала оор абалда ооруканага жеткирилген.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка кабылган унаа «Ниссан Сефиро» үлгүсүндөгү унаа болгон.

«Орто-Суу–Полтавка унаа жолунда 2003-жылы туулган бала башка бирөөнүн «Ниссан Сефиро» үлгүсүндөгү унаасын сурабай айдап кеткен. Жолдо катуу ылдамдыкта бара жатып, башкарууга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги бакты унаанын оң капталы менен сүзгөн. Натыйжада 2003-жылкы айдоочу жана өзүнүн 2012-жылы туулган бөлөсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумушкан. 2003-жылы туулган дагы бир бала ар кандай жаракаттарды алып аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×