Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.10.2019 12:21 На русском

Түптө 300 төөгө жүктөлгөн алтын катылганбы? Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булак айылынын жогору жагында кеминде 2 чакырым алыстыктагы жерде алтын катылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл аксакалдары билдиришти.

Алардын айтымында, эл арасында Чыңгыз хандын алтындары 300 төөгө жүктөлүп, аталган айылдын жогору жагындагы тоо тарапка катылган деген уламыш айтылып келет. Ал эми айрым тургундар адамдар, төөлөр, алтын менен чогуу катылып, ошол жердеги тоонун боорунан суу чыкканын белгилешет. Кээ бир маалыматтарга караганда, ээси болсун деп, буканы мууздап каны жерге чачыратылган. Тургундар аталган жерде союз маалында издөө иштери жүрүп, бирок кийин токтоп калганын айтышууда. Учурда тактап айтканда 14 жылдан бери жеке тараптардын аракети менен алтындар изделип, жер казылып келет.

«10 жылдан ашуун убакыттан бери бул жакта алтынды издөө иштери жүргүзүлүп келет. Бул сырдуу жер. 300 төөнү минген адам төө, алтын менен кошо жерге көмүлгөн деп айтылат. Анан дагы аталган аймакта жыландар көп кездешет», - деди тургундар.

Мындан тышкары айыл аксакалдары илгерки аталардын сөздөрүнө таянып, бул жерде алтын китеп жана баалуу таштар катылганын айтышат.

Темучин (1155-1227-жылдар) Моңгол мамлекетинин негиздөөчүсү, колбашчы. 1206-жылы бүткүл моңголдордун курултайында Чыңгыз деген ысымды алып, өзүн хан жарыялаган. 1206-1207-жылдары бир нече түрк-моңгол элдерин каратып, 1211-1218-жылдары Түндүк Кытайды, 1218-1220-жылдары Орто Азияны басып алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×