Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2019 10:16

Салык рейди: Ошто 10,7 миң унаа текшерилип, 102 миң сом айып салынды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында унаа салыгын төлөбөгөн 102 айдоочуга айып пул салынды. Бул туралуу Ош шаардык салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Асылбек Абдырай уулу билдирди.

Анын айтымында, Ош шаары боюнча сентябрь айынын башынан тарта 10 миң 799 автоунаа текшерилген жана көпчүлүк айдоочу салыкты убагында төлөбөгөндүгү аныкталып, жеринен 655 акт түзүлгөн.

«956 автоунаанын ээси салыкты рейд учурунда терминал аркылуу төлөштү (862 миң 800 сом). Алардын ичинен 102 айдоочуга айып пул салынып, алар 102 миң сом төлөшкөн. Башка аймактардан келип, салыгы төлөнбөгөн 30 унаанын айдоочусунун протоколдору катталган аймактарына жөнөтүлдү. Учурдагы унаалардын салыгы ар кандай. Ал унаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот. Орточо эсеп менен 1 унаанын салыгы бир айга 900 сомду түзөт», - деди Асылбек Абдырай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×