Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.10.2019 15:07 На русском

Ак-Талаанын башчысы ким болушу мүмкүн?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчылыгына ким келет деген күбүр-шыбыр сөздөр башталып, социалдык тармактарда жана эл арасында талапкерлердин ысымы да атала баштады.

Алар:

- Абдымалик Сулайманов, акимдин биринчи орун басары;

- Касен Азисов, Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары;

- Алмаз Абдылдаев, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Самат Асаналиев, «Ак-Талаа биримдиги» коомдук уюмунун төрагасы;

- Сейтек Кулубаев, Ак-Талаа районунун мурунку акими;

- Талантбек Турусбеков, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Кылыч Исамамбетов, жеке ишкер;

- Арстанбек Акиев, Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Болот Чокморов, мурунку акимдин биринчи орун басары.

Буга чейин районду Нурбек Молдокадыров жетектеп келген. Ал жакында эле Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×