Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 02.10.2019 12:27

Нарындагы фермерлер малды көбөйтүүнүн жолдорун үйрөнүштү

Turmush -  Нарын жана Ак-Талаа райондорунун фермерлерине ири мүйүздүү малды көбөйтүү жана тоюттандыруу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун профессору Таалай Турдубаев, айыл чарба илимдеринин доктору Адышбек Кыдырмаев жана Нарын, Ак-Талаа райондорунан 80ден ашык фермерлер катышты.

Фермерлерге сүт багытындагы ири мүйүздүү малдарды асыроо, тоюттандыруу жана малды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча маалыматтар берилди. Окуу-семинардын максаты — фермерлердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×