Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.10.2019 12:36 На русском

Нарын шаарына ким мэр болду?

Turmush -  Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 1-октябрда өткөн Нарын шаарынын мэрин шайлоого аймактык кабарчы да күбө болгон.

Шайлоо учурунда КСДП менен «Ала-Тоо» партиясынан көрсөтүлгөн эки талапкер шайлоого катышпастыгын айтып, өз талапкерлигин алышты. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусундагы аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Өмүралиев мыйзам боюнча талапкерлик шайлоого эки күн калганда алынарын, буга чейин алынышы керектигин, бюллетенге катталган талапкерлерди шайлоо мыйзамдуу экенин билдирди.

Жыйынтыгында Нарын шаарынын мэри болуп «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Нурбек Молдокадыров шайланды. Шайлоо Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү. Ага Нарын шаардык кеңешинин 31 депутаты катышып, Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыровго 25 добуш, КСДПдан көрсөтүлгөн Стал Муканбетовго 3 добуш жана баарына каршы 3 добуш берилди.

Буга чейин 3 талапкер катталган.

Молдокадыров Нурбек Асыранкулович 1977-жылы 17-августта туулган. Шаардык кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. 2009-2012-жылдары Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеп, башка эл аралык уюмдарда эмгектенген. 2018-жылы 26-мартта Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×