Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.10.2019 20:45 На русском

Кыргыз тоолорунан мумиёну кантип чогултат? Харкинин аскадагы бизнеси

Turmush -  Нан таап жеш үчүн кээ бирөөлөр өзүнүн заводун ачып, айрымдары базарда отуруп же жакынкы жана алыскы өлкөлөргө иштөөгө кетишет. Жашаш үчүн тоого баргандар да бар. Алардын айрымдары браконьерлик жол менен нан табышса, башкалар дарылык касиети бар чөптөрдү терип же мумиё чогултуп иштешет.

Харки Умидов 20 жылдан бери мумиёго «аңчылыкка» чыгат. Анын айтымында, Харки дуган тилинен которгондо акылдуу ой жүгүртүү дегенди түшүндүрөт.

- Жумуш күнүңүз тууралуу айтып бересизби?

- Мумиёну таап, аны чогултуу үчүн биринчи кезекте тоодо жашаш керек. Күндүн биринчи нурлары менен жумуш жүрө турган жайга баруу зарыл. Деңиз деңгээлинен 2,5 миң метр бийиктиктен кем эмес жогору көтөрүлүш керек. Аскалардан өтүүнүн сырларын жакшы билем. Жумуш ордуна келгенде тердин айынан көйнөгүм суу болуп калат. Ошондуктан тоодо которунуп кийингенге сөзсүз кургак кийимдер катылып турат. Кийимдеримди алмаштырып, мумиену казып баштайм. Тоонун боорун талкалоого туура келет. Каптарга мумиёну толтуруп, 20-30 кг салмактагы жүктү ийинге асып, төмөндү көздөй жөнөйм. Үйгө кечинде жетем. Майрам жана эс алуу күндөрүнө, жай жана кышка карабай иштеп жатам.

- Мумиё чогултуу идеясы кантип пайда болду?

- Мен көп жыл талаачылык экспедицияларда геодезист болуп иштегем. 1992-жылы союз ыдырагандан кийин менде туристтик база уюштуруу боюнча идея пайда болду. Ошентип Ысык-Көлдүн тоолоруна чыгып, ыңгайлуу жерлерди издей баштадым. Ошондо бир нече кара кристаллдарды таап алдым. Ал жактагы адамдар бул мумиё деп аталарын жана дартка даба экенин айтышты.

Аталган заттын мумиё экенине аны менен өзүм дарыланганда ишендим. Себеби, дарыгерлер ашказанымдан жара табышкан. Дары табуу аракети мени Жайыл районунун Сосновка айылына алып келди. Бул жерде тоолорду мыкты билген мергенчи Николай Чагай жашаган. Ал менин оорумду билип, мени айыктырарын айтып, мумиё бере баштады. Акырындык менен жакшы болуп отуруп, күндөрдүн бир күнүндө толугу менен айыктым. Ошондон кийин өзүм мумиёну издеп, чогултуп баштадым. Акыры бул иш менин сүйүктүү жумушума айланды. Бүгүнкү күндө чийки заттын баасы 25 сомдон 50 сомго чейин. Ал баа чийки заттагы мумиёго жараша бычылат.

Мумиё деген эмне? Мумиёну келип чыгышы тууралуу көптөгөн гипотезалар бар. Мумиё жаныбарлардан (жаныбарлардын кыгы, жеминин калдыктары жана башкалар) чыккан продукт деп 100 пайыз ишенимдүү айта алам. Бирок анын пайда болушуна химиялык, биологиялык жана геологиялык процесстер балким миллион жылдардан бери катышышы мүмкүн. Кыргызстанда мумиё эксперименттерден Тянь-Шань коёнчычкандар (коён сымалдуу кемиргич айбандардын бир тукуму) менен күмүш момолойлордон (чычкан сымалдуу кемиргич айбандардын бир тукуму) чыккан продукт.

Бир нерсени айта алам, мумиё пайда боло турган жерге жүздөгөн жылдар аралыгында суу жана күндүн нуру тийбеши керек. Ошол эле маалда жел кирбей, ал жер бир температурада кармалышы керек. Бирок көп сырлар бар. Алардын айрымдарына мен өзүм туш болгом.

Бир жолу үңкүрдү казып жаткам. Ортосунда таш түркүк турган, анын жогору тарабында сталагмит (үңкүрлөрдүн түбүндө суу тамчысынан пайда болгон уркуйган акиташ) сыяктуу мумиё туруптур. Ал жерде кандайча пайда болгон, түшүнүксүз.

- Мумиёнун дарылык касиеттери тууралуу көп айтылып келет. Сиз бул тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Тоодо жүрүп, тоо жаныбарларынын жана канаттуулардын аны жем катары колдонушканын байкадым. Демек, ага болгон кандайдыр бир зарылдыктар бар да. Мумиё менен дарылануу үчүн анын керемет күчүнө ишениш керек. Ошондо гана ал дартка даба боло алат деп ойлойм.

- Таза мумиёну кантип даярдайт?

- Даярдоо процесси жөнөкөй жана ошол эле маалда татаал. Чийки затты сууга эритип, фильтрден өткөрүп жана буулап тазалоо керек. Эми бул жерде ар кимдин өзүнүн сыры бар. Пайданын артынан сая түшкөндөр чийки затты тез даярдоо үчүн аны кайнатып жиберишет. Мисалы, чийки затты тазалашпайт, фильтрден өткөрүшпөйт, 100 градуска кайнатышат да ошол бойдон сатып алуучуларга тапшырат. Албетте, мындай продуктан эч кандай пайда чыкпайт. Негизи мумиё тирүү зат, аны бир нече жума буулап тазалоо керек. Сөзсүз түрдө эмаль идишке 50 градустан жогору эмес температурада жылытылган сууда буулоо зарыл. Ачык отко коюуга болбойт. Бүгүнкү күндө алдамчылар жасалма продуктуну көп жасап жатышат. Жада калса, ар кандай дары-дармектерди кошуп, ошол абалда сатышууда.

- Качан эс аласыз?

- Аскадан коркуу сезимин жоготкондо гана эс алам. Мумиё чогулткандардын көпчүлүгү тоолордун алдында коркуу сезимине алдырып каза болушту. Тоодо иштегенден баштап менин үч жакшы таанышым каза болду. Алардын эң жашы 19 жашта болчу. Ал өзүнүн кылдатсыз кыймыл-аракетинен улам өмүр менен кош айтышты. Таштын үстүнө турган, ал сынып кеткен. Андан кийин бала төмөн көздөй кулаган.

Тоодо иштөө учурунда дайыма ар кандай коркунучтар коштоп жүрөт. Бирок бул кыйынчылыктарга карабаган Харкинин үйүндө Куран жана Библия китептери жанаша жатат.

«Ысык-Көлдүн баарын, Шамсы жана Кегети капчыгайларын кыдырып чыккам. Бирок мен бир кезде натуралист П.Сканденберг суктанган Кара-Балтанын капчыгайына тартыла берем. Бул жер аябай кооз. Эртең менен дайыма бийик кыргыз тоолорун карап суктанам, таза абадан кере жутуп, өзүмдүн тирүү экенимди сезем», - деди ал.

Мумиё – бийик тоолордо кездешет. Чайыр түрүндөгү зат. Аны деңиз деңгээлинен 2000-3500 метр бийиктиктеги тоолордун боорлорунан табууга болот. Адистер анын курамында микроэлементтин 30 түрү, 28 химиялык элемент, ошондой эле аарынын уусу бар дешет.

Мумиё көп сандаган ооруларга миңдин бири деп айтылып, аллергия, бронхит, ангина, ашказан жана башка ооруларды айыктырууга колдонулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×