Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.10.2019 16:27

Кош бойлуу келинди таш менен жанчып өлтүргөн жигитти 3 айдан кийин колго түшүргөн Ж.Сыдыков

Turmush -  Сыдыков Жапар Ашымалиевич бала кезинен атасынын формасын, медалдарын көрүп, милиция кызматкери болууну кыялданып чоӊойгон.

Анын атасы Ашымаалы Сыдыков өмүр бою милиция кызматында иштеп ардактуу эс алууга чыккан.

«Ата-энем мен 2 жашка чыкканда Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. 1977-жылдан 1987-жылга чейин Макаренко интернат-мектебинде билим алдым. Андан кийин аскерге барып, 1997-жылдары милиция кызматына кабыл алындым. Атамдын кийген формасын, төш белгилерин көрүп, суктанып чоӊойдум. Ошол бала кезимде эле атамдын жолун жолдоп, милиция кызматкери болом деп кыялданчумун. Аскерден келгенден кийин башка кесип менен да алектенгенге аракет кылдым. Бирок эмнегедир бул жумуш мени өзүнө тартып турду.

1997-жылы Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы Республикалык окуу борборуна кирип, ал жерде 6 ай окудум. Аны бүтүп, Жайыл райондук күзөт бөлүмүнө жумушка орношуп, банктарды кайтардым. Эки жылдан кийин Кара-Балтадагы тамак-аш техникумуна барып, 3 жыл билим алгам. Кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттен юридикалык жогорку билим алып чыккам. 2004-жылы Сосновка айыл өкмөтүндөгү 2-3 айылга аймактык тескөөчү болуп жумушка кирип, ошол жылдан 2016-жылга чейин иштеп пенсияга кеттим», - деди ал.

Жапар Сыдыков 2007-жылы «Эр жигит» аттуу республикалык сынакта баш байгени жеӊип, медаль, грамота жана 50 миӊ сом менен сыйланган. Мындан көп өтпөй министрдин буйругу менен ЖКККБга которулган.

«Суусамыр менен Таласка баруучу туннелдеги өтмөккө тургам. Бирок 20 күндөн кийин мурунку эле жумушума өз каалоом менен бардым. Эмгек жолумда бир топ медаль, ардак баракчалар менен сыйландым. Чынын айтканда, милиция кызматкеринин жумушу татаал жана кызыктуу. Эгер чын дилиӊ менен милиция кызматында иштебесеӊ, анда мыкты милиция кызматкери боло албайсың. Ар кандай мүнөздөгү адамдар болот. Айрым адамдар бир айтканда түшүнсө, кээ бир адамдар миӊ айтсаӊ да түшүнбөйт. Ошондой учурда адамдардын тилин тапканды үйрөнүп, алар менен сүйлөшө билиш керек. Жакшы психолог болушуң керек. Эл менен жакшы болсоӊ, милиция кызматкерине эл өзү жардам берет.

Кызмат учурунда курч окуялар көп эле болду. Бир окуяны айтып берейин, кош бойлуу келин жолдо кетип баратса, мас абалдагы айылдаш жигит тийишет. Келин ага каршылык жасаганда жигит аны таш менен жанчып өлтүрүп, өзү качып кеткен. 3 айдан кийин бул кылмыштын бетин ачканбыз», - деди ал.

Жапар Сыдыков 3 баланын атасы.

«Улуу балам Жеӊишбек 19 жашта. «Илбирс» командасында футбол ойнойт. Мурун Кыргызстандын «Ю-16» курама командасында ойногон. Андан кийинки уулум 1-класста билим алса, кичүү уулум 3 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×