Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2019 16:22

Ошто эттин баасы кымбаттады. Себеби эмнеде?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунда коңшу өлкөлөргө семиз малдар чыгарылып жаткандыктан эттин баасы кымбаттады. Бул тууралуу 26-сентябрда Ош шаардык кеңештин жыйынында айтылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облусундагы жетекчиси Жанболот Айбашов бул маселе эттин баасы 1 ай бою 20 пайызга кымбаттаса жана өкмөт тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде гана жөнгө салына турганын билдирди.

«Бүгүнкү күндө айылдарда эт мурдагыдай эле 320 сомдон сатылууда (уйдун эти). Ал эми райондун борборлорунда: Араванда 20 сом, Ноокатта 10 сом, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда, Ош шаарында 40 сомго кымбаттаган. Буга чейин эттин баасы кымбаттаганда касапчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мэрия мал сатып алып, өз баасын сунуштаган. Ошол убакта касапчылардын чыгымы акталып, эттин килограммынын баасы (уйдуку) 320 сом деп коюлган. Быйыл да мэрия комиссия түзүп, эттин баасын аныктап жатышат. Кайра мал сатып алып, союлуп, чыгым эсептелинет.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2 жылдык мораторийге байланыштуу соодагерлердин ишине кийлигише албайт. Эттин кымбатташынын негизги себеби — семиз малдар кошуна өлкөгө чыгарылып жатканында. Бул маселени чек ара кызматы, бажы кызматкерлери чечиши керек. Мурда аныкталган 320 сомго, тактап айтканда эттин баасы 70 сомго кымбаттаган жок. Ошондой эле эттин кымбаттаганына 1 ай боло элек. Ошондуктан эч кимге сунуштама бере элекпиз. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан акимдерге бааны көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди. Мэрия учурда маселени карап жатат», - деди Жанболот Айбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×