Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.09.2019 09:58 Жаңыланды: 08.10.2019 23:02

Айыл турмушу: Тоңдук Тилек Россиядагыдай эмгек акыны айылынан да табат

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 29 жаштагы тургуну Тилек Кубанычбек уулу чачтарач кесибин аркалап келет. Ал буга чейин Россияда 3 жыл сулуулук салондорунда иштегенин, учурда өзүнүн айылына чачтарач ачып, Россияда тапкан каражатты айылдан таап жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Россияда иштеп жүрдүм. Тапкан акчам батирге, тамак-ашыма кетет жана айылга бир аз тыйын салчумун. Үй-бүлөдө эң кичүү бала болгондуктан айылга келип үйлөндүм. Үй-бүлөнү дагы багыш керек да. Ошентип айылда чачтарач ачтым. Алгач кардар болбойт го деп ойлодум. Бирок агаларым чач алдыруу үчүн райондун борборуна барып келгенге 400 сом жумшарын айтышты. Мен баасын жергиликтүүлөргө ылайыктуу кылып, балдардыкын 50 сом, чоң кишилердикин 100 сом кылып койдум. Азыр айыл элине кызмат кылып жатам. Кардарларым күн санап көбөйүүдө. Кээде Бөкөнбаев айылынан келип, чачын алдырып кетишет», - дейт Тилек.

Ошондой эле ал жайкысын чет өлкөлүк эс алуучуларга дагы кызмат көрсөтөт.

«Кажы-Сай туристтик аймак болгондуктан жайкысын Германия, Казакстан жана Россиядан эс алуучулар көп келет. Өткөн жылы чачын кырктырган туристтер быйыл дагы келип, «сен чачымды кыркып бергенсиң» деп айтып калышат. Жайында кардар көп болот. Күнүнө 3000 сомдон жогору пайда көрөм. Кышында айылдын элине гана кызмат көрсөтөм. Анда күнүнө 500 сомдон гана киреше түшөт. Бул каражат үй-бүлөмдү бакканга жетет. Россияда иштеп тапкан акчаны айылдан деле тапса болот экен», - дейт ал.

Ал чачтарач кесиби боюнча окуу курстарын ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×