Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 24.09.2019 16:53

Нарын шаарындагы чет элдик студенттер кыргызча ырдашты

Turmush -  Нарын шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Кечээ, 23-сентябрда «Тилим менен улутмун» аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлүп, улуттун уюткусу болгон эне тилдин ыйыктыгы, асыл касиеттери даңазаланды.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн майрамдык иш-чара Нарын шаарынын билим берүү бөлүмүнүн аракети менен уюштурулду. Эне тил майрамына арналган иш-чараны Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ачып, кыргыз тилдин байлыгына, көркөмдүүлүгүнө, уккулуктуулугуна токтолуп, бабалардан мурасталган бул улуу байлыкты кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүү парз экенин баса белгиледи. Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын өз деңгээлине жеткирүү максатында аткарылып жаткан иштерге токтолуу менен жаштарды өз эне тилин сүйүүгө чакырышты.

Майрамдык кече шаардын мектептеринин жана бала бакчалардагы балдардын чоң программадагы концерти менен коштолду. Иш-чарага Борбордук Азия университетинин студенттери да концерттик программасы менен катышып, чет элдик студенттер өздөрүнүн кыргыз элине, кыргыз тилине болгон урмат-сыйын көрсөтүштү. Алардын аткаруусунда обондор жаңырып, тил жөнүндөгү поэзия кайрыктары көркөм окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×