Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 23.09.2019 16:59 На русском

Унаа менен кубалап барып ок чыгарган: Оштогу 2 мушкердин жаңжалы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  22-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:40 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынан 1990-жылы туулган Р.у.Т. денесинен жаракат алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Ооруканага Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барышкан. Териштирүү иштеринин алкагында 22-сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Суу районунун Фуркат айылында Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.К. өзүнүн автоунаасы менен Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну Р.у.Т.нын автоунаасын кубалап барып, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтотконун аныкташкан. Ал жерден өз ара пикир келишпестиктен улам С.К. ок чыгарып, анын кесепетинен Р.у.Т. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерде милиция тарабынан кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды. Териштирүү иштери ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош облусунда спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылганын жазган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кечээ, 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 8:30 чамасында Р.Т.нын оң санына ок тийип кайрылганын тастыкташкан. Бирок Р.Т. бул окуяны четке кагып, үйүндө экенин билдирген.

Спортчулар тууралуу эмне белгилүү?

Р.Т. Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.

К.С. шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектейт. Вале-тудо боюнча Азия жана Евразиянын чемпиону. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×