Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 23.09.2019 10:13

Нарын районунда Дүйнөлүк тазалык күнү белгиленди

Turmush -  Нарын районунда Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата экологиялык акция өткөрүлүп, 150 тоннага жакын таштанды тазаланды. Бул тууралуу Нарын райондук администрациясынын жооптуу кызматкери Туратбек Кулешов билдирди.

Ага райондогу 15 айыл аймагынын 2 миңге чукул тургундары катышып, айылдардын ичин иретке келтиришти. Коомдук фонддун өкүлдөрү акцияга катышкандар менен жолугуп, кол каптарды, таштанды баштыктарын таратып беришкен. Ошондой эле Жан-Булак айыл аймагында мектеп окуучулары коомчулукту тазалыкка үндөгөн ар кандай чакырык такталарын көтөрүп, жөө жүрүш жасашты.

Райондо 15 айыл аймак, 36 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×