Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 23.09.2019 09:05

Нарында өспүрүмдөр жолдон коопсуз өтүүнүн эрежелерин үйрөнүштү

Turmush -  Нарын шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында акция өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өспүрүмдөргө жолдо жүрүүнүн эрежесин түшүндүрүү максатын көздөгөн акция облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.

«Жол көзөмөлдөөчүлөр Нарын облусундагы ыктыярчылар менен биргеликте жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Жолдон коопсуз өтүү» долбоорунун алкагында акция өткөрдү. Анда балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарга жарык чагылдыруучу желбирөөч жана колго тагуучу билерик берилди», - деди облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×